Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 24-апрели  № 158/22-8

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин функционалдык милдеттерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдыккызмат жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренеси, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

К.Джаныбеков

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Депутаттардын Талас шаардык

кеңешинин №158/22-8 токтому

төрага К.Джаныбеков

 

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин аппаратынын функционалдык милдеттери

Шаардык кеңештин төрагасы

·       Кеңештин сессиясын чакырат жана ага төрагалыккылат, кеңештин чечимдерине жана буйруктарына кол коет,алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;

·       Шаардык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга сунуштайт;

·       Шаардык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик кылат жана маселелерди алдын ала кароо, алар боюнча тийиштүү корутундуларды чечимдерди чыгарып, шаардык кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

·       Шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына, аткарылышына көзөмөлдүк кылат;

·       Кеңештин туруктуу жана башка убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын иштерин координациялайт;

·       Депутаттарга өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шаардын жашоочуларын кабыл алууда,шайлоочуларга отчет берүүдө көмөк көрсөтөт жана уюштурат;

·       Шаардык кеңештин фракцияларынын, туруктуу комиссияларынын ичинде ачык айкындуулукту камсыз кылат;

·       Мамлекеттик органдар, шаардык өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамилелерде кеңештин атынан чыгат;

·       Жарандардын шаардык кеңешке жолдогон арыздарын, даттанууларын, кайрылууларын карайт жана кеңештин туруктуу комиссияларына кароого жөнөтөт;

·       Шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык, шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды пайдаланат;

·       Шаардык кенештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

·       Шаардык кенештин анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар намысын жана кадыр баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;

·       Ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан,мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын тиешелүү аткаруучуларга жөнөтөт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу, мындай учурларда чечим шаардык кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүүдө кабыл алынат.

·       Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары

·       Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон (иш сапар, өргүү, ден-соолукка байланыштуу ж.б.) учурларда анын иш милдеттерин аткарат, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат жана токтомдорго кол коет;

·       Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;

·       Талас шаарында жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;

·       Талас шаардык кенешинин Регламентинде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка милдеттерди аткарат;

·       Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

·       Шаардык кенештин ишин Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысы камсыз кылат;

·       Жооптуу катчы шаардык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана шаардык кенештин депутаттарына жардам берет;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Талас шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, шаардык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуларга өткөрүп берет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       Шаардык кеңештин сессияларына материалдарды анын ичинде шаардык кенештин токтомдорунун долбоорлорун жана туруктуу комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

·       Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       Шаардык кенештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналы), сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөй;

·       Сессияга сунушталган материалдарды дайындайт, анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана шаардык кеңештин депутаттарына өз убагында жеткирүүсүнө көзөмөлдүк кылат;

·       Шаардык кеңештин жылдык иш пландарынын даярдалышын камсыздайт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       Кенештин сессияларына сунушталган маселелердин материалдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча аппараттын ишин жетектейт;

·       Аппараттын иш кагаздарын тиешелүү деңгээлде жүргүзүлүшүн камсыздайт жана кеңештин төрагасынын жарандарды жеке маселелер менен кабыл алуу боюнча ишин координациялайт;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан,мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын шаардык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуларга өткөрүп берет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       "Е-Кызмат" кадрдык түзүмдүн бирдиктүү базасы менен иш алып барат.

·       Төраганын тапшыруусу боюнча башка милдеттерди аткарат;

·       Жогору турган органдардын буйрук берүүчү документтеринин жана шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;

·       Шаардык кеңештин сессиясына депутаттарды, мекеме ишкана жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну камсыздайт;

·       Шаардык кеңештин кызматчыларынын кызматтык милдеттерин тактоо, алардын иш аракеттерин жана иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт;

·       Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин кадрлар резервинин административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак өткөрүү боюнча өз убагында уюштуруу жана өткөрүүнү көзөмөлдөйт;

·       Шаардык кеңештин персоналын башкаруу боюнча ишти көзөмөлдөйт.

·       Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясынын протоколдоруна жооптуу катчы катары кол коет;

·       Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

Шаардык кеңештин башкы адиси

·       Аппараттын иш кагаздарын өз убагында тийиштүү деңгээлде жүрүшүн көзөмөлдөйт;

·       Шаардык кеңештин сессияларына материалдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу жумуштарын камсыздайт;

·       Сессиялардын протоколдорун өз убагында тастыкталышы боюнча ишти камсыздайт жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөлдүк кылат;

·       Туруктуу комиссиялардын иштерин координациялайт жана аларга практикалык, методикалык жардам көрсөтөт;

·       Төраганын тапшыруусу боюнча буйруктарын даярдайт жана анын аткарылышын камсыз кылат жана Төраганын тапшыруусу боюнча башка милдеттерди аткарат;

·       Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин кадрлар резервинин административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак өткөрүү боюнча өз убагында уюштуруу жана өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат;

·       Шаардык кеңештин кызматкерлеринин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн, анын кесиптик өнүгүүсүнө дем берүүнүн, кызматтык териштирүү, ишинин натыйжалуулугун аныктоо үчүн аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу жана иш стажына карата кошумча төлөөлөрдү коюу боюнча комиссиянын ишин жүргүзөт;

·       Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин өздүк делолору жана эмгек китепчелери менен иш алып барат;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан, мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын шаардык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша аткарууну камсыздайт;

·       Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

Шаардык кеңештин жетектөөчү адиси

·       Шаардык кеңештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын, депутаттардын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык ишке ашыруусу боюнча керектүү маалыматтык жардамды көрсөтөт;

·       "Е-Кызмат" кадрдык түзүмдүн бирдиктүү базасы менен иш алып барат;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан, мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын шаардык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша жүзөгө ашырат;

·       Туруктуу комиссиялардын ишин уюштуруу жана сессияга материалдырын даярдоо боюнча иш алып барат;

·       Сессиялардын протоколдорунун стенограммасын өз убагында тастыкталышы боюнча иш алып барат;

·       Шаардык кеңештин токтомдорун сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барууну камсыздайт;

·       Шаардык кеңештин сессияларына депутаттардын келүүсүн жана ар бир депутатка сессиянын күн тартибине ылайык даярдалган материалдарды өз убагында жеткирүүнү камсыздайт;

·       Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин администрациялык ведомстволук статистикалык отчетторду убагында даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгына жөнөтөт;

·       Төраганын жана жооптуу катчынын тапшыруусу боюнча башка милдеттерди аткарат;

·       Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

Шаардык кеңештин адиси

·       Шаардык кеңештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын,мыйзамдарга ылайык ишке ашыруусу боюнча керектүү маалыматтык жардамды көрсөтөт;

·       Шаардык кенештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруу,материалдарын даярдоо боюнча иш алып барат;

·       Төраганын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткарат жана кенештен чыккан нормативдик актыларды, буйруктарды даярдоо иштерин даярдоого катышат;

·       Шаардык кеңештин сессияларынын протоколдорунун өз убагында тастыкталышы боюнча ишти камсыздоого жардам берет;

·       Шаардык кеңештин сессияларына депутаттардын катышуусу жана ар бир депутатка сессиянын күн тартибине ылайык даярдалган материалдарды өз убагында жеткирүүнү камсыздайт;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан,мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын каттоо,анын өз убагында аткарылышы жана келген корреспенденцияларга жоопторду жөнөтүү боюнча иш алып барат;

·       Сессиялардын протоколдорун өз убагында тастыкталышы боюнча иш алып барат;

·       Шаардык кеңештин токтомдорун сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат;

·       Шаардык кенеште кабыл алынган чечимдерди өз убагында тиешелүү жактарга жөнөтүүнү камсыздайт;

·       Шаардык кеңештин иш кагаздарынын архивдик сакталышын камсыз кылат;

·       Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясын өткөрүүгө тиешелүү аппаратурасын жана оргтехникасын даярдоого жана сакталышына жооп берет;

·       Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

 

Жетекчинин катчысы

·       Төраганын жарандарды кабыл алуу боюнча ишин уюштурат;

·       “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан, мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын каттоо, анын өз убагында аткарылышы, келген корреспенденцияларга жоопторду жөнөтүү жана буйруктарды каттоо боюнча иш алып барат;

·       Шаардык кенештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруу,материалдарын даярдоо боюнча иш алып барат;

·       Шаардык кеңештин сессияларына депутаттардын катышуусун жана ар бир депутатка сессиянын күн тартибине ылайык даярдалган материалдарды өз убагында жеткирүүнү камсыздайт;

·       Шаардык кенеште кабыл алынган чечимдерди өз убагында тиешелүү жактарга жөнөтүүнү камсыздайт;

·       Төрага жана жооптуу катчы тапшырган башка милдеттерди аткарат;

·       Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.

 

 

Жооптуу катчы

 

 А.Сариева