Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 5-5

Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө

Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы конференцияда талкууланып, жалпы элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101-мыйзамынын 31-беренесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставы бекитилсин. (устав тиркелет).

 

2. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы айылдык кенеште каттого алынсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук, мандат, диний иштер, миграция, депутаттык этика экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттирилсин.

 

Төрага:

Ж. Назаров