Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 6-3

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү № 707-728-734-контурда жайгашкан кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га (эки жүз алтымыш жети гектар, он сотых) жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-12-13 жана 27-беренелерин жетекчиликке алып , Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр бөлүмүндөгү № 707-728-734-контурда жайгашкан кайрак айдоо айыл чарба багытындагы 267,1 га (эки жүз алтымыш жети гектар, он сотых) жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Жогоруда аталган айыл чарба жерлер категориясынын максаттуу пайдалануу багытын калктуу конуштардын жерлери категориясына которуп (трансформациялоону) берүүнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңкшинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж.Назаров