Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 160/22-8
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 117-беренесине ылайык, Талас шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2022-жылындагы аткарылганы 225896,8 миң сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы 202186,7 миң сом өлчөмүндө жана анын ичинде республикалык бюджеттен максаттуу трансферт – 6569,4 миң сом берилгени тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылдын аткарылышы боюнча маалымат.
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча 2022-жылга Депутаттардын Талас шаарынын кеңеши тарабынан 172 367,1 миң сом план бекитилсе, такталган план 204785,5 миң сомду түзүп аткарылганы (такталган планга салыштырмалуу) 225896,8 миң сомду түзүп 131,0 % гаже 53529,7,0 миң сомго ашык аткарылды.
Салыктык кирешенин түрлөрү боюнча план тапшырма 2022-жылга 166612,0 миң сом план берилген болсо, аткарылганы 186210,7 миң сомду түзүп 111,8 % га аткарылып жергиликтүү бюджетке 19598,7 миң сом ашыкча түшкөн.
Билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр багыты боюнча план тапшырма 14 327,5 миң түзгөн болсо, аткарылганы 13951,4 миң сомду түзүп берилген планга -376,1 миң сомго жетпей калган, же 97,4%га пландын аткарылбаганын себеби бала бакчалардыга тайпадагы балдардын санына 25 баладан ашпоосуна чектөө киргизилгендигине байланыштуу. Ошол себептен бекитилген пландан -2700,0 мин сом пландан азайтылган.
Чыгаша бөлүгү
Талас шаарынын 2022-жылдын он эки айынын чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планы жалпы 171367,1 миң сом болсо , ал эми такталган план 240392,4 миң сом, ал эми кассалык чыгым 202186,7 миң сом же 84,1 % түзөт . Анын ичинен атайын каражаттын бекитилген планы 26999,5 миң сом болсо, такталганы 29175,5 миң сом, кассалык чыгым 22990,2 миң же 78,8 % түздү.
Атайын каражатты кошпогондо, бекитилген планда каралган -145367,6 миң сом болсо, такталган план- 211216,9 миң сом болуп, кассалык аткарылганы-179196,5 миң сом түзүп, план 84,8% ке аткарылды. 2022-жылдын ичинде бекитилген планга караганда такталган план-68025,3 миң сомго көбөйгөн. Анын ичинен 2021-жылдын киреше булактарынын чыгашадан ашкан суммасынын эсебинен -30730,9 миң сом, 1-январь 2022-жылы атайын каражаттын эсебинде калган калдыктан - 4876,0 миң сом, жыл ичинде киреше булактарынын пландан ашык түшкөн суммаларынын эсебинен -25849,0 миң сом жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер-6569,4 миң сом айлык акылардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу келип түшкөн каражаттардын эсебинен план көбөйдү.
| Бекитилген план | Такталган план | Кассалык аткарыл. | % аткарылышы |
Мамлекеттик кызмат | 24645,4 | 31381,8 | 28683,8 | 91,4 |
анын ичинен атайын каражат: |
| 10,7 |
|
|
Коргоо бөлүмү | 1664,0 | 1785,2 | 1221,3 | 68,4 |
Экономикалык маселелер |
| 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Коммуналдык чарба бөлүмү | 74355,2 | 128974,9 | 104265,8 | 80,8 |
анын ичинен атайын каражат: | 9672,0 | 9977,0 | 8514,1 | 85,3 |
Маданият бөлүмү | 11665,0 | 15370,0 | 14605,2 | 95,0 |
анын ичинен атайын каражат: | 0,0 | 48,6 | 48,6 | 100,0 |
Билим берүү бөлүмү | 59414,4 | 62257,4 | 52860,5 | 84,9 |
анын ичинен атайын каражат: | 17027,5 | 18575,8 | 14396,5 | 77,5 |
Социалдык коргоо бөлүмү | 623,1 | 623,1 | 550,1 | 88,3 |
Баары атайын каражатты кошуп: | 172367,1 | 240392,4 | 202186,7 | 84,1 |
Баары атайын каражатты кошпой: | 145367,6 | 211216,9 | 179196,5 | 84,8 |
Жооптуу катчы | А.Сариева |