Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

       САЙЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-январы  № 01-3/4

Сайлык айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жана 2023-2024-жылга жергиликтүү бюджетин божомолун бекитүү тууралуу

 

            Сайлык айыл өкмөтүнүн  каржы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы Болокбаева Ш.М. 2022-жылга карата Сайлык айыл өкмөтүнүн бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сайлык айыл кеңеши Х- чакарылышын №1 отурумунда 2023-2024 - жылга бюджеттин божомолун  ст № 78, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинини 102- беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2023-2024-жылга бюджеттин божомолун бекитүү Сайлык айылдык Кенеши:

 

       ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

            1.Сайлык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын эсепти кошкондо 2023-жылга карата 4728,6 мин сом, 2023-жылга божомолу мин сом(тиркеме 1,2), киреше боюнча чейректик бөлүштүрүү (тиркеме №3) бекитилсин.

            2.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2023-жылда каржылоодо биринчилерден короголгон беренелер (айлык маяналар,социалдык фондко чегерүүлор, бала-бакчанын тамак-ашы), андан тышкары каммуналдык тейлөөлөр боюнча бекитилген чегин сактоо жагы көзөмөлгө алынсын жана көмүр сатып алуу, андан тышкары карыздарды төлөө каралсын.

            3.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса, же ашыгы менен аткарылса райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен айылдык Кенештин отурумунда каралып, киреше жана чыгаша бөлөмүнө ондоп, түзөө киргизилсин.

            4.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо айыл өкмөттон муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен айылдык Кенештин отурумунда каралып, чейретен чейрекке, бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге жылдырылып берилсин.

            5.Сайлык айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.М.Болокбаевага аткарууга

          - Сайлык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлиги менен 2023 -жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн:

          - жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө, жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгына  жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлұктөрүн баланстуу оңдоп-түзөөгө уруксат берилсин:

           6.Сайлык айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адис Мансурова М.Ч. тарабынан:-

           -экономиканын  көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча  иштерди

жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын:

            -салыктык жана салыктык эмес кирешелердин  баардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышын камсыздалсын:

            -жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн:

             7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайк Сайлык айыл өкмөтү тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу коюлсун.

              8.Сайлык айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысына (Усенбек уулу Мирлан) жүктөлсүн.

              9.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайлык айылдык Кенешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестициялар тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

              10.Ушул токтомдун расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин тиешелуу аймактык бөлүктөрүнө, “МКК-кызмат” гезитине, мамлекеттик тилде жарыялансын:

             11.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайлык айылдык Кенештин экономика жана бюджет туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

             12.Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндон тартып күчүно кирет.

 

 

Төрага

А.Д.Джетигенов