АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
2021-жылдын 28-апрели № 3/2
“Тамчы-Булак” балдар бакчасынын имаратында жайгашкан кыргызтелеком жана кыргызпочтанын бөлмөлөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Ат-Башы райондук прокуратурасынын сунушунун негизинде “Тамчы-Булак” балдар бакчасынын имаратында жайгашкан кыргызтелеком жана кыргызпочтанын бөлмөлөрү айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана ордуна башка жактан бөлмө менен камсыздалсын.
2.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрагасы: | К.Асаналиев |