САЙЛЫК АЙЫЛДЫК КЕңеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-январы № 01-3/2
Сайлык айыл өкмөтүнүн 2023- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн жана 2024-2025 жылга жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Сайлык айыл кеңешинин Х- чакырылышынын №1 сессиясында Сайлык айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Болокбаева Шайгулдун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ мыйзамынын 31 - беренесине ылайык 2023- жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2024-2025 - жылга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча Сайлык айыл кеңеши токтом кылат.
Токтом кылат:
1.Сайлык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын каражаттарын кошкондо 2023- жылга 4728,6 миң сом,
-тендештирилүүчү гранттын эсебинен 9443,0 миң сом;
Бардыгы атайын каражаттар менен бирге 14 171,6 миң сом менен бекитилсин.
- 2024- жылга божомолу 4752,6 миң сом ;
-2025- жылга божомолу 5182,8 миң сом (тиркеме № 1,№2,№3 ) ; киреше кварталдык бөлүштүрүү (тиркеме № №4 ) бекитилсин .
2.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттар менен бирге 9933,4 миң сом болуп бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2023- жылда каржылоодо биринчилерден корголгон беренелер (айлык акы, социалдык фонддун төлөмдөрү), коммуналдык тейлөөлөр жана көмүр сатып алуу андан тышкаары карыздарды төлөө каралсын.
4.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса , же ашыгы менен аткарылса Чүй райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен бюджеттик комиссиянын отурумунда каралып , киреше жана чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
5.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо айыл өкмөтүнүн муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө , беренеден беренеге Чүй райондук каржы башкармалыгынын макулдугу менен бюджеттик комиссиянын отрурумунда каралып , жергиликтүү кеңештин чечими менен кварталдан кварталга , бөлүмдөн бөлүмгө; беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
6.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салыктык жана салыктык эмес кирешелерин жогорулатуу , башка кирешелердин кошумча булактарын табуу боюнча активдүү иш жүргүзүшүнө айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Мансурова М.Ч. жана жер боюнча башкы адиси М.Б.Мукамбетовго милдеттендирилсин.
7.Жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен максаттуу , трансферттер жана теңделүүчү трансферт максаттуу корголгон беренелер боюнча колдонулуусуна айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Болокбаева Ш.М.милдеттендирилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн эсебинде акчалай жүгүртүүнүн чеги Чүй районунун казына бөлүмүнүндө 50,0 миң сом болсун.
9.Сайлык айыл өкмөтүнүн каржы – экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.М.Болокбаевага аткарууга
-Сайлык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурлада, Кыргыз Рсепубликасынын Каржы министрлиги менен 2023- жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштери квартал сайын жүргүзүлсүн;
-жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгына жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп түзөөгө уруксаат берилсин.
10.Сайлык айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси (Мансурова М.Ч.) тарабынан:
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
-жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр карыздарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн.
11.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык Сайлык айыл өкмөтү тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (электр энергиясы, байланыш кызматтар боюнча төлөмдөр ) төлөмдөргө коюлган чектөөлөр кыйшаюусуз аткарылсын.
12.Сайлык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысына (Усенбек уулу М.) жүктөлсүн.
13.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайлык айыл кеңешинин экономика, бюджет, каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
14.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө, “ММК “ гезитине мамлекеттик тилде жарыялансын.
15.Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган