Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОМУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 20-апрели № 90
“Кыргыз Республикасынын территориясында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү жумуштарынын наркын аныктоо методикасынын бекитилиши жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү” № 115 токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын территориясында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү жумуштарынын наркын аныктоо методикасы 1-тиркемеге жараша бекитилсин.
2. Бул буйрук тиешелүү жана кийинки жылдардын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чектеринде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат саясаты секторунун башчысы К. Досумбетов катталыш күнүнөн баштап үч жумуш күнү ичинде бул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сайтында жарыяланышын камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги А. Талантбек уулу:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине камтылышы үчүн бул Буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн эки нускада кагаз жана электрондук ташыгычтарда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жарыяланыш булактарын көрсөтүү менен жөнөтсүн;
- Күчүнө кириш күнүнөн баштап үч жумуш күнү ичинде бул Буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Бул Буйрук Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине камтылыш күнүнөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Министрдин орун басары Б.Т. Базаралиев