Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы N 252 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Компания) темир жол транспорту маселелерин тейлеген, Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана калкынын темир жол ташууларына болгон муктаждыктарын камсыздаган юридикалык жак болуп саналат.
2. Компаниянын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
3. Компания өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Компаниянын толук расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: государственное предприятие "Национальная компания "Кыргыз темир жолу" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: "State Enterprise "National Company "Kyrgyz Temir Zholu" under the Ministry of Transport and Communications.
5. Компаниянын кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз темир жолу" УК" МИ;
2) расмий тилде: ГП "НК "Кыргыз темир жолу";
3) англис тилинде: SE "NC "Kyrgyz Temir Zholu".
6. Компаниянын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Компания толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптери боюнча иштейт, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча топтомо балансы бар, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
Компания чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
7. Уюштуруучу Компаниянын пайдасынын бир бөлүгүн белгиленген тартипте алууга укуктуу.
8. Компания Кыргыз Республикасынын милдеттери боюнча жооп бербейт.
9. Компания чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана/же жоопкер катары чыгууга укуктуу.
10. Компания өзүнүн ишинин предметине жана максатына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана бул иш менен байланышкан милдеттерди тартат.
11. Магистралдык темир жолдор, анын ичинде бөлүнгөн тилкенин чегиндеги аймак жана коргоо зонасы, темир жол транспортунун объекттери (темир жол бекеттери, жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөлөр, тоннелдер, жүргүнчүлөр платформасы, жолдор ж.б.) ошондой эле линиялык бөлүмдөр Компаниянын чарбалык карамагына кирет.
12. Компаниянын юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 83.
13. Компаниянын курамына төмөнкү филиалдар жана өкүлчүлүктөр кирет:
1) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү" филиалы, жайгашкан жери: 715604, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 7;
2) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын вагондук чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 59а;
3) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жол чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 93а;
4) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалы, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 3а;
5) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын локомотивдик чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 105;
6) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 1;
7) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүк жүктөө жана түшүрүү иштери менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 45;
8) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720054, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 42;
9) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык-эсептөө менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Осмонов көчөсү, 1/1;
10) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жол объекттерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлештирилген кайтаруу менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 4;
11) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы өкүлчүлүгү.
14. Компаниянын өкүлчүлүгү жана филиалдары өзү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
15. Компания өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Компаниянын максаты, милдеттери жана функциялары
16. Компаниянын ишинин максаты мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына, Компания тарабынан аткарылуучу жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын канааттандыруу, ошондой эле киреше алуу болуп саналат.
17. Компаниянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) темир жол ташууларына жана темир жол транспортунун башка кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон суроо-талапты канааттандыруу;
2) темир жол транспортун өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
3) элдик чарбанын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу жана транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенүү, өндүрүштүк, транспорттук, соода, туристтик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектриндеги керектөөчүлөрүн жогорку деңгээлде тейлөө, жүргүнчүлөрдүн ден соолугун жана өмүрүн, ошондой эле ташылган жүктөрдү сактоону камсыз кылуу;
4) темир жол транспортунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүмдүк бөлүмдөр (бирдиктер), филиалдар жана өкүлчүлүктөр, ошондой эле башка эксплуатанттар тарабынан темир жол ташууларын жүргүзүүдө жана темир жол транспортун эксплуатациялоодо кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу;
6) өзгөчө абалдарда (кырдаалдарда) темир жол транспортун пайдаланууну, ошондой эле коргонуунун атайын программаларын ишке ашырууну камсыз кылуу;
7) иштин туруктуулугун жогорулатуу жана темир жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
8) магистралдык темир жолдорду долбоорлоого жана курууга байланыштуу инвесторлор, эл аралык уюмдар, финансы институттары жана республикага экономикалык жардам көрсөтүүчү өлкөлөр менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү.
3-глава. Компаниянын негизги функциялары
18. Компания өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ташуу процессин башкарууну уюштуруу жаатында:
- поезддердин жүрүү графигин, кыймылдуу курамды пайдалануунун көрсөткүчтөрүн жана жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун индикативдик планын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында темир жол транспорту жаатында саясатты иштеп чыгууга, координациялоого жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасында темир жолду андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бекеттерге караштуу жерде кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жүргүнчүлөрдүн эс алуу пункттарын, магистралдык темир жолдордун боюндагы бекеттерге жакын соода түйүндөрүн жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын шартында жүктөө, түшүрүүнү жөнгө салуу жана поезддердин кыймылын уюштуруу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте темир жолду техникалык эксплуатациялоо жана ташуу шарттарын, жүк вагондорун жана контейнерлерин пайдалануунун бирдиктүү ченемдик укуктук документтерин колдонуу;
- диспетчердик аппараттын ишин уюштуруунун бирдиктүү принциптерин иштеп чыгуу, ташууларды башкаруу процесстерин автоматташтыруу, эксплуатациялык иштерди жалпы маалымат менен камсыздоо;
2) экономика жана финансы жаатында:
- темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана мамлекеттер аралык программалардын, негизги, көмөкчү жана коммерциялык иште, ошондой эле социалдык чөйрөдө жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында өндүрүштүк-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөр боюнча жылдык перспективдүү болжолдорунун долбоорлорун түзүүгө катышуу;
- темир жол транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунун конъюнктурасын изилдөө, республиканын экономикасынын түзүмдүк кайра өзгөрүшүн эске алуу менен анын өнүгүшүн жана кеңейишин болжолдоо;
- темир жол транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында маркетингдик изилдөөлөрдү уюштуруу, келечекте темир жол транспортунун объекттерин өнүктүрүү жана жайгаштыруу боюнча жылдык перспективдүү болжолдор жана схемалар, темир жол транспортунун өткөрүү жана ташуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү чаралар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- өздүк жана башка тартылган каражаттардын эсебинен курулган темир жол транспортунун иштеп жаткан объекттерин уюштуруу, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен сыртта өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн өндүрүштүк жана башка жайларды, ошондой эле башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү куруу, эксплуатациялоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тарифтер, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, почтаны жана багажды ташуу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү;
- ишканалар, Компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана анын чегинен сырткары темир жол транспортун тейлөө боюнча чыгымдарды төлөө жөнүндө эсептешүүлөрдүн абалын жана коюлган талаптардын толуктугун контролдоо;
- чет өлкөлүк ишканалар, мекемелер, уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, өкүлчүлүктөрүндө, филиалдарында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгына текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- темир жол менен ташууларга жана бул тармактагы башка кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу укуктук, коммерциялык, валюталык, финансылык жана жарнамалык иштерди уюштуруу;
- жаңы техниканы сатып алуу (ижарага алуу), колдонуудагы инфраструктураларды модернизациялоо, жаңы темир жол линияларын куруу жана башка иш-аракеттерди жасоо боюнча эң көп капиталды талап кылган долбоорлорду каржылоо;
- өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен сырткары ишканалар, мекемелер, уюмдар, коомдор жана өзүнчө жактар менен бүтүмдөрдү жана башка юридикалык актыларды, анын ичинде кредиттик жана векселдик иштерди жасоо;
3) техникалык саясат жаатында:
- темир жол транспортунда илимий-техникалык прогресстин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан, Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун пайдаланууну жөнгө салуу боюнча эрежелердин сакталышын контролдоо боюнча иштерди уюштурууга катышуу;
- темир жол транспортунда бирдиктүү илимий-техникалык жана инвестициялык саясат жүргүзүүнү уюштуруу, жаңы техниканы жана технологияларды, темир жол транспортун комплекстүү өнүктүрүүнү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- поезддердин кыймылынын коопсуздугун, эмгекти коргоону камсыз кылууга багытталган, ошондой эле техникалык каражаттарды эксплуатациялоону, күтүүнү жана оңдоону жөнгө салуучу тармактык техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, сертификация жана илимий-техникалык маалымат жаатында иштерди уюштуруу, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, ошондой эле ойлоп табуучулук, рационализатордук иштерди жетекчиликке алуу;
- темир жол транспортунда отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча документтерди иштеп чыгуу;
4) материалдык-техникалык жактан жабдуу жаатында:
- темир жол транспортунун материалдык-техникалык жана отун-энергетикалык ресурстарга керектөөлөрүн аныктоо, аларды канааттандырууну уюштуруу, ошондой эле ишканалар жана уюмдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын керектөөлөрү үчүн берилүүчү продукцияга тапшырыктарды түзүү, темир жол ишканаларын борборлошкон жөнгө салынуучу номенклатура боюнча продукция менен камсыздоо;
- табигый кырсыктардын, авариялардын жана башка күтүлбөгөн жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын негизги түрлөрүнүн резервдерин түзүү;
- темир жол транспортунун керектөөлөрү үчүн материалдык-техникалык ресурстарды камсыздоочулар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча иштерди уюштуруу;
- темир жол транспортунун өзгөчө мезгилде ишке даярдыгын камсыз кылуу;
5) тышкы экономикалык иштер жаатында:
- чет өлкөлүк темир жолдор, уюмдар жана фирмалар менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу, темир жол транспортунун иштеши, ошондой эле эл аралык транспорт байланыштарын өнүктүрүү маселелери боюнча макулдашууларды (келишимдерди) белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана түзүү;
- эл аралык темир жол транспортунун уюмдарына белгиленген тартипте катышуу;
- экономикалык өз ара мамилелердин принциптерин жана методикаларын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;
- чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик программаны жана долбоорлорду иштеп чыгууга, анын ичинде магистралдык темир жолдорду долбоорлоого жана курууга катышуу;
- зарылчылыкка жараша чет өлкөлүк темир жолдордо өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн же ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иштешин камсыз кылуу;
- тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында тыюу салынбаган тышкы соода кредиттик, векселдик жана башка келишимдерди жүргүзүү;
6) кадрлар, эмгек жана социалдык маселелер жаатында:
- темир жол транспортунда эффективдүү кадр саясатын камсыз кылуу;
- Компаниянын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тандоо системасын жана алардын жоопкерчилигинин шарттарын, эмгек акы төлөөнү, сыйлоону, социалдык коргоону, анын ичинде өндүрүш ардагерлерин аныктоо;
- темир жол транспортунун керектөөлөрүнүн негизинде кадрларды кесиптик жана экономикалык жактан окутуу системасын уюштуруу;
- кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык поезддердин кыймылы жана жүргүнчүлөрдү тейлөө менен түздөн-түз байланышкан Компаниянын айрым категориядагы кызматкерлеринин жумуш убактысынын жана эс алуу мезгилинин өзгөчө режимин камсыз кылуу;
7) магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу жаатында:
- Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо, аталган жумуштарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген максаттуу фонддордон жана башка булактардан каржылоо;
- магистралдык темир жолдорду долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, курулуш региондорунда социалдык инфраструктураны түзүү, тейлөө, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо;
- магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча инвестициялык саясатты белгиленген тартипте ишке ашыруу, жаңы техниканы жана технологияларды ишке киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу үчүн техникалык жардам жана башка финансылык ресурстарды берүүчү чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдиктерди берүү маселелери боюнча сунуштарды мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте магистралдык темир жолдорду долбоорлоого жана курууга, ошондой эле магистралдык темир жолдорду куруу үчүн курулуш материалдарын, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди сатып алууга республикалык жана эл аралык тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо жана жөнгө салуу, курулуш иштерин жүргүзүүдө жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу;
- консультациялык, инжинирингдик, маркетингдик жана башка кызматтарды көрсөтүү.
19. Компания аталган функцияларды аткаруу менен бирге:
1) станцияларда поезддердин кыймылынын коопсуздугунун камсыз кылынышын, маневрдук, жүктөө-түшүрүү иштерин контролдойт, жол кыймылынын коопсуздугун бузууларга кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзөт жана темир жол транспортунда өрттүн, башка авариялык жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди, анын ичинде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт;
2) темир жол тилкесинин чегинде имараттарды, курулмаларды куруу шарттарын, түтүк өткөргүчтөр, байланыш, электр берүү линиялары жана башка коммуникациялар, темир жолдор менен кесилишкен жерлерин, кирүүчү жолдордун кесилишин, ошондой эле жарылуучу, тез тутануучу, радиоактивдүү, уулуу жана ууландыруучу заттарды өндүрүү, сактоо, жүктөө, ташуу жана түшүрүү менен байланышкан объекттерден жалпы пайдалануудагы темир жолдорго жана курулмаларга чейинки минималдуу аралыктарды макулдашат;
3) түз аралаш каттам аркылуу ташууларды өнүктүрүү, ошондой эле транспорттун башка түрлөрү менен иштин өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) өнөр жай ишканаларында темир жол транспорту үчүн берилген темир жол техникасын жана башка продукцияны белгиленген тартипте кабыл алууну (техникалык инспекцияны) уюштурат;
5) темир жол транспортунун кызматкерлеринин темир жолду техникалык эксплуатациялоо эрежелерин, темир жол транспортун пайдалануу эрежелерин, жүктөрдү жүктөөнүн жана бекитүүнүн техникалык шарттарын, башка жергиликтүү актыларды билүүсүн текшерүү тартибин, жалпы пайдалануудагы жолдордо локомотивди башкаруу укугуна сыноолорду жүргүзүү жана күбөлүктөрдү берүү тартибин, менчигинин түрүнө карабастан локомотивдердин машинисттерине жана темир жол транспортунун башка кызматкерлерине класстуулукту ыйгаруу тартибин белгилейт;
6) темир жол транспортундагы электр, жылуулук жана жылуулук энергетикалык түзүлүштөрдү, ошондой эле басым астында иштеген сыйымдуулуктарды эксплуатациялоо эрежелеринин сакталышын контролдоону камсыз кылат;
7) өз компетенциясынын чегинде ташуу эрежелери жана шарттары, темир жол транспортунун каражаттарын пайдалануу, кыймылдын коопсуздугу, тартипти сактоо, өрт коопсуздугу, темир жол транспортунда санитардык эрежелер маселелери боюнча эрежелерди, нускамаларды жана башка жергиликтүү актыларды иштеп чыгат (колдонот) жана зарыл болгон учурда аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн киргизет;
8) белгиленген тизмекке ылайык милдеттүү медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү тартибин белгилейт;
9) мобилизациялык даярдык, Жарандык коргонуу боюнча иштерди жүргүзөт;
10) мобилизациялык резервде жана атайын запаста техникалык каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды ташуу, күтүү маселеси боюнча кызыкдар уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
11) белгиленген тартипте Компаниянын каражаттарын эсептен чыгарууну жүргүзөт;
12) санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды жүргүзүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрларды даярдоодо темир жол ооруканасы, санитардык-эпидемиологиялык станция, № 97 кесиптик лицей менен өз ара аракеттенет;
13) мамлекеттик сырларды сактоо боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылат;
14) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү камсыздандырууну уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт.
4-глава. Компаниянын мүлкү жана финансысы
20. Компания финансылык-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык ишке ашырат.
21. Стратегиялык өнүктүрүү планы Компания тарабынан иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан үч жылдык мөөнөткө бекитилет.
22. Компания жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Компаниянын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде Компаниянын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун киргизет.
23. Компания жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын эсептешүү эсебине таза пайданын ал бекиткен бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтөт.
24. Компания менчик ээсинин (мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынын атынан) макулдугусуз өзүнүн чарба жүргүзүү укугундагы кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, аны чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же бул мүлктү башка жол менен тескөөгө укугу жок.
Компанияга чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка мүлктү, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларды кошпогондо, Компания өз алдынча башкарат.
5-глава. Компаниянын укуктары жана милдеттери
25. Компания ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын ар кандай менчик формасындагы юридикалык жактары жана чет өлкөлүк компаниялар менен бирге магистралдык жана башка темир жолдорду куруу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн ишканаларда тарап катары чыгууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды ишке ашырууга;
3) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында, КМШ өлкөлөрүндө жана чет өлкөлөрдө Компаниянын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
4) мамлекеттик тапшырыктардын жана келишимдердин (контракттардын) негизинде мамлекеттик ишканалардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана республиканын калкынын керектөөлөрүнө таянуу менен аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
5) Компаниянын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
6) Кыргыз Республикасында да, ошондой эле чет өлкөлөрдө да ар кандай ички мамлекеттик жана эл аралык уюмдарга, бирикмелерге кирүүгө, акцияларды жана облигацияларды сатып алууга;
7) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
8) темир жол транспортунун абалына жана өнүгүшүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
9) бөлүмдөрдүн жана станциялардын чек араларын өзгөртүүгө, станцияларды ачууга жана жабууга, өздөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык жана уюштуруучулук-башкаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
10) зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдардан, мекемелерден темир жол транспортунун ишине жана кыймылдын коопсуздугуна тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды алууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуудагы түзүмгө, штаттык ырааттамага жана эмгек акы төлөө системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле анын түзүмүнө кирген бөлүмдөрдү түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;
12) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
13) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүгө;
14) мамлекеттик башкаруучу органга темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууга тарифтер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органына темир жол транспорту менен республика ичиндеги каттамда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер, ошондой эле жүктөрдү ташуу менен байланышкан кошумча операциялар үчүн жыйымдар боюнча сунуштарды киргизүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди белгилөөгө;
17) рыноктук конъюктуранын негизинде коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
18) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен өз алдынча келишим түзүүгө;
19) коммерциялык иш жүргүзүүгө, терминалдарды, убактылуу сактоо кампаларын ачууга, темир жол транспорту жаатында башка кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте башка коммерциялык иштерди жүргүзүүгө;
20) бажы брокеринин ишин жүзөгө ашырууга, жүктөрдү ташуу менен байланышкан транспорттук-экспедициялык кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле товарларды декларациялоо жаатында юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүгө;
21) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Компанияга жеке адамдарды иш аткарууга белгиленген тартипте тартууга;
22) Компаниянын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу, башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
23) Компаниянын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, кеңешмелерге катышууга жөнөтүүгө;
24) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдөн юридикалык жана жеке жактардан улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынган кредиттик жана зайымдык каражаттарды пайдаланууга;
25) Компанияга бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү башкарууга, пайдаланууга жана ээлик кылууга, ошондой эле мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоого;
26) Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруу долбоорлорун ишке ашыруу, өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардан, донор-өлкөлөрдөн гранттарды жана каражаттарды тартууга;
27) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду жана темир жол транспортунун объекттерин (жөө жүргүнчүлөр көпүрөлөрүн, тоннелдерди, жүргүнчүлөр аянтчаларын ж.б.) долбоорлоо жана куруу үчүн чет өлкөлүк түз инвестицияларды, чет өлкөлүк кредиттерди, зайымдарды, техникалык жардамдарды жана башка финансылык ресурстарды тартууга;
28) магистралдык темир жолдордун курулушун каржылоого багытталган Компаниянын материалдык жана чийки зат базасын чыңдоо жана кеңейтүү максатында, мыйзамда белгиленген тартипте издөө, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
29) белгиленген тартипте бүткөрүлгөн объекттерди эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссияларды түзүүгө, кабыл алуу актыларын бекитүүгө;
30) жол кыймылынын коопсуздугу, транспорттук жана курулуш менен байланышкан башка техникалык каражаттарды пайдалануу жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
31) республикага инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү максатында чет өлкөлүк уюмдар жана компаниялар менен келишимдерди түзүүгө, белгиленген тартипте чет өлкөлүк уюмдар жана компаниялар менен биргелешкен ишканаларда тарап катары чыгууга;
32) консультациялык, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
33) Компаниянын милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан ар кандай иш-чараларды жана башка ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурда консультант жана эксперт катары изилдөө мекемелерин жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди белгиленген тартипте тартууга;
34) чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден тиешелүү маалыматтарды суроого;
35) уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн эсебинен илимди жана техниканы, ошондой эле алдыңкы технологияны өнүктүрүү үчүн фонддорду түзүүгө;
36) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө.
26. Компания өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен Компаниянын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Компаниянын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Компаниянын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) Компаниянын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары, мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга, коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо.
27. Компаниянын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде компанияда иштөөнү токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
6-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
28. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Компанияны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Компаниянын стратегиялык өнүгүү планын бекитүү;
4) Компаниянын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Компаниянын финансылык-чарбалык ишинин тармактык көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугун иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Компаниянын стратегиялык өнүгүү планынын ишке ашырылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Компаниянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү үчүн Компаниянын башкы директорунун кызмат ордуна дайындоого талапкерлерди киргизүү;
9) фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана/же коммерциялык юридикалык жактардын ишине Компаниянын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
29. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Компанияга көзөмөлдөгөн иш чөйрөлөрүндө тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Компаниядан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук боюнча документтерди, ошондой эле Компаниянын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүгүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Компаниянын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Компаниянын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.
7-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
30. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) түзүүчүгө Компанияны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
2) Компаниянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, Компаниянын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту, таза пайданын республикалык бюджетке чегерилүүчү бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Компаниянын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Компаниянын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Компаниянын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишине баа берүү;
7) Компаниянын башкы директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Компаниянын башкы директорун кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Компаниянын башкы директорунун сунушу боюнча башкы директордун орун басарларын кызматка дайындоо жана бошотуу;
10) башкы директорго жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Компаниянын башкы директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Компанияга тиешелүү мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
31. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Компаниядан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо белгиленген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Компаниянын башкы директорунун ишине баа берүүнүн жана Компаниянын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Компаниянын башкы директорун ээлеген кызматынан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизүүгө;
3) Компаниянын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Компаниянын башкы директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотууга, аны сыйлоого же ага карата тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Компанияга тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Компаниянын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Компанияга таандык мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун, максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында Компаниянын аймагына текшерүү жүргүзүүгө жана барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
32. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Компаниянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашууну Компаниянын башкы директорунан көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Компаниянын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунуш кылынган долбоору менен макул болбогон учурда, көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Компаниянын башкы директоруна жүйөлүү жазуу жүзүндөгү баш тартууну жиберет.
33. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо каралган башка укуктарга ээ.
8-глава. Компанияны башкаруу
34. Компанияны башкы директор башкарат. Башкы директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча квалификациялык талаптарга жооп берген, мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
35. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Компаниянын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган башкы директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
36. Компаниянын башкы директору кызматтык милдеттерин аткарууга эмгек келишими түзүлгөндөн кийин киришет.
37. Компаниянын башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматынан бошотулат.
38. Башкы директорду ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
39. Компаниянын Башкы директору төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес баа алуу жана Компаниянын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбоо;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо;
4) Компаниянын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
40. Компаниянын башкы директорунун эки орун басары жана биринчи орун басары - башкы инженери болот. Башкы директордун орун басарлары Компаниянын башкы директорунун сунуштамасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
41. Компаниянын башкы директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзүшөт.
42. Компаниянын башкы директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
43. Компаниянын башкы бухгалтери Компаниянын башкы директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш ийет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген укуктардан пайдаланат.
44. Курулуп жаткан магистралдык темир жолдорду долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого байланышкан эң маанилүү, стратегиялык маселелерди кароо үчүн Техникалык кеңеш түзүлөт. Техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамы Компаниянын башкы директорунун сунушу боюнча бекитилет.
45. Компаниянын башкы директору Техникалык кеңешке жетекчилик кылат. Техникалык кеңештин курамы жана анын Жобосу Компаниянын башкы директору тарабынан бекитилет.
46. Компаниянын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Компаниянын учурдагы финансылык-чарбалык ишине жетекчилик кылуу;
2) Компаниянын стратегиялык өнүгүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Компаниянын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Компаниянын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду түзүү жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Компаниянын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди ишке кабыл алуунун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Компаниянын уюштуруу-башкаруу документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
47. Компаниянын башкы директору:
1) ушул Уставда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган укуктарды толук көлөмдө ишке ашыруу менен Компаниянын карамагындагы филиалдардын жана бөлүмдөрдүн бардык ишин жетектейт;
2) Компаниянын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
3) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык темир жол уюмдарында, менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда Компаниянын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Компаниянын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
5) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды чыгарат, темир жол транспортунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
6) Компанияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
7) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Компаниянын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик алат;
8) башкы директордун орун басарларынын, биринчи орун басарынын - башкы инженердин, Компаниянын башкармалыктарынын, филиалдарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктеринин, адистеринин ыйгарым укуктарын, ошондой эле темир жол транспортунун айрым тармактарын башкаруу үчүн алардын жоопкерчилигинин деңгээлин белгилейт;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Компаниянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
10) филиалдардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана өкүлчүлүктөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин, кызматкерлерге сыйлык берүү жөнүндө жобону, чыгымдардын жалпы сметасын жана Компаниянын өндүрүштүк, чарбалык, финансылык жана башка ишине тиешелүү жоболорду бекитет;
11) Компаниянын отчетторун жана жылдык балансын бекитет;
12) Компаниянын башкы директору же анын орун басарлары же башкы инженери тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу Компаниянын кызмат орундарынын тизмегин бекитет;
13) Компаниянын филиалдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерин кызматка кабыл алат жана бошотот;
14) Компаниянын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
15) темир жол транспортунун кызматкерлерин сыйлайт;
16) филиалдардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, темир жол менен ташуулар жаатындагы эл аралык эрежелерге жана стандарттарга каршы келген, ошондой эле экономикалык максатка ылайыктуулук жана Компаниянын колдо болгон ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу принциптерине жооп бербеген буйруктарын жана тескемелерин токтото турат, өзгөртөт жана жокко чыгарат;
17) Компаниянын филиалдарын, түзүмдүк бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн кайра уюштуруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
18) Компаниянын филиалдары, түзүмдүк бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
181) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Компаниянын башкы директору өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат.
49. Компаниянын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле жеке жактарга кайрылууга;
2) Компаниянын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Компаниянын стратегиялык өнүгүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ушул Уставда каралган тартипте Компаниянын мүлкүн башкарууга;
4) Компаниянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык башка укуктар.
50. Компаниянын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Компаниянын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Компаниянын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүгүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди кароого алып чыгууга, ошондой эле аны Компаниянын ишинин ар кандай чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Компаниянын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Компаниянын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Компаниянын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды үчүнчү жактарга жайылтпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Компаниянын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
51. Компаниянын башкы директорунун чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.
9-глава. Компаниянын жетекчилик курамы
52. Компанияны жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
1) башкы директор, башкы директордун орун басарлары, биринчи орун басары - башкы инженер;
2) башкы бухгалтер (финансылык башкармалыктын начальниги).
53. Компаниянын жетекчилигине кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерди аткарууда Компаниянын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
54. Жетекчилик курамга кирген адамдар Компаниянын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
55. Төмөнкүлөр Компаниянын жетекчилик курамына кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондор, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте анын банкрот болушуна алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
56. Компаниянын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда болгон мезгилде жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу бир эле убакта ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
10-глава. Компаниянын аудити
57. Компаниянын ишине ички аудит Компаниянын ички аудитору тарабынан жүргүзүлөт.
58. Ички аудиторду күтүүгө кеткен чыгымдар Компаниянын жылдык бюджетине ылайык каржыланат.
59. Компаниянын ички аудитору төмөнкүлөрдү контролдоо жол-жоболорун жүргүзөт:
1) Компаниянын жылдык бюджетинин аткарылышынын толуктугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча;
2) Компаниянын активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү боюнча;
3) финансылык, бухгалтердик жана башкаруучулук маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо боюнча.
Ички аудитке байланышкан башка маселелер "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Уставда белгиленет.
Компаниянын ички аудит кызматынын ички аудиттин натыйжалары жөнүндө отчету Компаниянын финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетуна киргизилүүгө тийиш.
11-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук жана контролдоо
60. Компания Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин натыйжаларынын оперативдүү, чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт, филиалдардын ишин контролдойт.
61. Компания белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды берет.
62. Компания өз ишинин натыйжаларынын консолидацияланган балансын, оперативдүү эсебин жана финансылык отчеттуулугун жүргүзөт, ошондой эле филиалдардын ишин контролдойт. Компаниянын финансылык отчеттуулугу квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
63. Компания квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду:
1) ички аудиторго;
2) Компаниянын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
64. Компания келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жана ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин ар түрдүү башка шарттарын аныктоодо эркин.
65. Компания өзүнүн курамына кирген бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишин контролдойт. Текшерүү Компаниянын ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлөт, ошондой эле тышкы аудиторлор тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.
66. Түзүмдүк бөлүмдөр Компанияга отчет беришет жана консолидацияланган отчетторду түзүү, финансылык натыйжаларды талдоо жана келечекке башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттө финансылык жана статистикалык отчеттуулукту беришет. Компаниянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн консолидацияланган бухгалтердик балансы жана финансылык натыйжаларынын отчету Компаниянын башкы директору тарабынан бекитилет.
12-глава. Компанияны кайра уюштуруу жана жоюу
67. Компанияны кайра уюштуруу биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Компанияны бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндөгү кайра түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда Компанияны кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
68. Компания төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) мамлекеттик башкаруу органынын демилгеси боюнча;
3) соттун чечиминин негизинде.
69. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Компанияны жоюу үчүн Компаниянын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын башкы директор жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Компаниянын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгер Компаниянын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
70. Компаниянын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.