Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы N 252 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик саналат.
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, эмблемасы, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышы менен мөөрү бар өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. Ишкана предметине жана ишинин максатына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана бул иш менен байланышкан милдеттерди аткарат.
6. Ишкананын толук расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: Государственное предприятие "Мостостроительный отряд" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
7. Ишкананын кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Көпүрө куруу отряды" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Мостостроительный отряд".
8. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде иштейт, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ, өз алдынча топтомо балансы бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мүлктүн ээси болуп саналбайт. Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын таза пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана/же жоопкер болуп чыгууга укуктуу.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 103.
2-глава. Ишкананын максаттары жана милдеттери
13. Ишкананын ишинин максаты мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын курулуш-монтаждоо иштерине, Ишкана тарабынан аткарылуучу (көрсөтүлүүчү) жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн камсыздоо, ошондой эле пайда алуу болуп саналат.
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) темир жолдордо, темир жол инфраструктурасында жана башка объекттерде курулуш-монтаждоо иштерине болгон суроо-талапты канааттандыруу;
2) жарандардын ден соолугунун жана өмүрүнүн, ошондой эле ташылган жүктөрдүн сакталышын камсыз кылуу менен тейлөөнүн жогорку деңгээлинде эл чарбасынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында темир жолдордун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, керектөөчүлөргө өндүрүштүк жана башка кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүү;
3) өзгөчө жагдайларда (кырдаалдарда), ошондой эле коргонуу мүнөзүндөгү атайын программаларды ишке ашырууда темир жолдорду пайдаланууну камсыз кылуу;
4) темир жолдун иштешинин туруктуулугун жогорулатуу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү;
5) магистралдык темир жолдорду долбоорлоого жана курууга тиешелүү республикага экономикалык жардам көрсөтүүчү инвесторлор, эл аралык уюмдар, финансылык институттар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү.
3-глава. Негизги функциялар жана иштин түрлөрү
15. Ишкана жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) аталган иштерди максаттуу фонддордун жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржылоо менен Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо;
2) магистралдык темир жолдорду, темир жол транспортунун объекттерин жана социалдык инфраструктураны долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны аткаруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
3) темир жол тилкесинин чегинде имараттарды, курулмаларды, темир жолдордун түтүк өткөргүчтөрү, байланыш линиялары, электр берүү жана башка коммуникациялар менен кесилишкен жерлерин, кирүүчү жолдорду бириктирүүнүн шарттарын, ошондой эле жарылуучу, күйүүчү, радиоактивдүү, уулуу жана ууландыруучу заттарды өндүрүү, сактоо, жүктөө, жалпы пайдалануудагы темир жолдорго жана курулмаларга чейин ташуу жана түшүрүү менен байланышкан объекттерден минималдуу аралыктарды макулдашуу;
4) өздүк жана башка тартылган каражаттардын эсебинен курулган темир жол транспортунун иштеп жаткан объекттерин уюштуруу, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында, анын чегинен тышкары жерлерде да өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн өндүрүштүк жана башка жайларды, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн бардык түрлөрүн куруу, эксплуатациялоо;
6) магистралдык темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда экономикалык жардам көрсөтүүчү чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдиктерди берүү маселелери боюнча сунуштарды транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизүү;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу, ошондой эле магистралдык темир жолдорду куруу үчүн курулуш материалдарын, жабдууларын, машиналарын жана механизмдерин сатып алуу боюнча республикалык жана эл аралык тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү;
8) курулуш иштерин өндүрүүдө жаратылышты коргоо иш-чараларын аткаруу;
9) консультациялык, инжинирингдик, маркетингдик жана башка кызматтарды көрсөтүү.
16. Коюлган максаттардын негизинде Ишкананын ишинин негизги түрү темир жолдорду куруу болуп саналат.
17. Ошондой эле Ишкананын ишинин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу;
2) автомобиль жана темир жолдорду куруу;
3) шосселерди жана автомагистралдарды куруу;
4) көпүрөлөрдү жана тоннелдерди куруу;
5) жарандык багыттагы башка объекттерди куруу;
6) түтүк өткөргүчтөрдү куруу;
7) электр өткөрүү линияларын жана телекоммуникацияларды куруу;
8) суу курулмаларын куруу;
9) имараттарды бузуу жана курулуш участогун даярдоо;
10) электр жана суу өткөрүү системаларын монтаждоо (орнотуу) жана башка курулуш-монтаждоо иштери;
11) электр монтаждоо иштери;
12) суу өткөрүү системаларын, жылытуу, желдетүү, абаны кондиционерлөө системаларын монтаждоо (орнотуу);
13) мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык каражаттарды жана адам ресурстарын бириктирүүнү караган турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу, курулган объекттерди (кыймылсыз мүлктү) андан ары сатуу;
14) архитектура жана инженердик издөө жаатындагы иш;
15) кыймылсыз мүлккө тиешелүү курулуш долбоорлорун башкаруу;
16) бардык түрдөгү турак жай имараттарын куруу, анын ичинде: коттедждер, көп батирлүү үйлөр;
17) турак эмес имараттарды куруу, анын ичинде: өндүрүштүк имараттар (заводдор, цехтер жана башкалар); ооруканалар, мектептер, кеңселер; ресторандар, дүкөндөр, коммерциялык борборлор; спорт залдары; паркингдер; кампа жайлар; диний имараттар;
18) даяр металл конструкцияларынан чогултуу жана куруу;
19) имараттардан тышкары өндүрүштүк түзүлүштөрдү куруу;
20) туристтик иш;
21) соода-сатып алуу жана ортомчулук иш;
22) колдонуудагы мыйзамдарды сактоо менен өз алдынча тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;
23) кандай болбосун профилдеги тиричилик, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүү;
24) транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү, автоунааларды жана башка техниканы, мүлктөрдү ижарага алууну уюштуруу;
25) мейманканаларды, эс алуу үйлөрүн, ресторандарды, барларды, дүкөндөрдү куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле аларды ижарага берүү;
26) коммерциялык дүкөндөрүн жана башка соода түйүндөрүн уюштуруу;
27) күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу жана сатуу, ар түрдүү типтеги май куюучу станцияларды уюштуруу;
28) оңдоо-курулуш жана монтаждоо иштерин жүргүзүү;
29) курулуш материалдарын, конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
30) аукциондорду, жарманкелерди, көргөзмө-сатууларды уюштуруу;
31) полиграфиялык жана көбөйтүү иштерин чыгаруу;
32) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык транспорттук каражаттарды жана алардын запастык бөлүктөрүн сатуу;
33) эмеректерди, тетиктерди өндүрүү жана сатуу;
34) кампа чарбаларын уюштуруу;
35) мейманкана кызматтарын уюштуруу;
36) товарлардын кеңири ассортименти менен дүң жана чекене соода;
37) кесиптик рынокто консалтинг;
38) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын уставдык максаттарына ылайык келген иштин башка түрлөрү.
18. Баалуу кагаздар рыногундагы иш, финансылык жана инвестициялык иш:
1) инвестициялык долбоорлорго катышуу;
2) финансы рыногунун институттарын түзүү жана иштөө (инвестициялык корпорациялар, трасттык операциялар);
3) инвестиция чөйрөсүндөгү корпоративдик долбоорлорго катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын сактоо менен өз алдынча тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;
5) ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун жүзөгө ашырууга атайын уруксаты (лицензия) талап кылынган иштин айрым түрлөрүнө алынган лицензиялардын негизинде жүргүзүү.
19. Ишкана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрү менен да алектенүүгө укуктуу.
4-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнүн мүлкүнө өз алдынча ээлик кылат, пайдаланат, тескейт.
21. Мүлктү пайдалануу негизи болуп мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен уюштуруучу тарабынан Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлктүн объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
22. Ишкананын мүлкү негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле өндүрүштүк иш үчүн зарыл болгон башка материалдык баалуулуктардан турат, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
23. Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюуга уюштуруучунун чечими боюнча гана жол берилет.
24. Ишкананын мүлкү анын өз алдынча балансында чагылдырылат жана мүлктөн, анын ичинде кирешелерден, ага бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган продукциядан түзүлөт.
25. Ишкананын финансылык каражаттарын түзүүнүн булагы болуп темир жолдорду куруу, курулуш-монтаждоо жумуштары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар саналат.
26. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык бюджеттик төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Ишкананын ишинен алынган бардык каражаттар, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр Ишкананын таза кирешесин түзөт.
27. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептешүү эсебине таза пайданын ал бекиткен бөлүгүнүн өлчөмүн которот, ал эми таза пайданын калган бөлүгү Ишкана тарабынан өз алдынча пайдаланылат.
28. Ишкана финансылык-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
29. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан бекитилет.
30. Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
31. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга же бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка мүлк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларды кошпогондо, Ишкана тарабынан өз алдынча тескелет.
5-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
32. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында, КМШ өлкөлөрүндө жана анын чегинен тышкары Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
3) мамлекеттик ишканалардын, чарбалык субъекттердин жана республиканын калкынын керектөөлөрүнө жараша мамлекеттик заказдардын жана келишимдердин (контракттардын) негизинде аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
4) Ишкананын чарбалык көзөмөлүндө турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
5) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен тышкары да ар кандай мамлекет ичиндеги жана эл аралык уюмдарга, бирикмелерге кирүүгө, менчик ээсинин макулдугу менен акцияларды жана облигацияларды сатып алууга;
6) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
7) өзүнүн өндүрүштүк-чарбалык жана уюштуруучулук-башкаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
8) зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдардан, мекемелерден темир жол транспортунун ишине жана кыймылдын коопсуздугуна тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды алууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуудагы түзүмгө, штаттык ырааттамага жана төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле анын түзүмүнө кирген бөлүмдөрдү түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;
10) белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана транспорт каражаттарын сатып алууга;
11) белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүгө;
12) белгиленген тартипте Ишкананын негизги каражаттарын эсептен чыгарууга;
13) коммерциялык уюмдар үчүн келишимдик негизде көрсөтүлүүчү жөнгө салынбаган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
14) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен компетенциясынын чегинде өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
15) коммерциялык иш менен алектенүүгө, терминалдарды, убактылуу сактоо жайларды ачууга, темир жол транспорту жаатында башка кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте башка коммерциялык иштерди жүргүзүүгө;
16) эмгек келишиминин, мөөнөттүү эмгек келишиминин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке адамдарды Ишканада иш аткарууга белгиленген тартипте тартууга;
17) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, кеңешмелерге катышууга жөнөтүүгө;
18) Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактардан улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынган кредиттик жана зайымдык каражаттарды пайдаланууга;
19) темир жолдорду күнүмдүк күтүүдө жана жаңысын курууда пайдаланылган материалдык-чийки зат базасын толуктоо максатында, пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иштерди мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
20) өз компетенциясынын чегинде жана белгиленген тартипте бүткөрүлгөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссияларды дайындоого, кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө;
21) кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
22) зарыл болгон учурда Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу максатында ар кандай иш-чараларды жана башка иштерди аткаруу үчүн консультанттар жана эксперттер катары изилдөө жүргүзүүчү мекемелерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;
23) уюштуруучу менен макулдашуу боюнча уюмдардын жана юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн эсебинен илимди жана техниканы, алдыңкы технологияны өнүктүрүү үчүн фонддорду түзүүгө;
24) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө.
33. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын талап кылынган отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
34. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
6-глава. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын компетенциясы
35. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планын бекитүү;
2) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
3) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жөнөтүү үчүн Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
6) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
7) мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
36. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага темир жол тармагы чөйрөсүндөгү маселелерге тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
2) курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу үчүн келишимдик негизде адистерди тартууга.
7-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
35. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту, таза пайданын республикалык бюджетке чегерилүүчү бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын башкы директорунун жана анын орун басарларынын ишине баа берүү;
7) Ишкананын башкы директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директору кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын директорунун сунушу боюнча директордун орун басарларын кызматка дайындоо жана бошотуу;
10) директорго жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишкананын менчигинде турган мүлктүн максаттуу пайдаланылышына жана сакталышына контроль жүргүзүү;
13) мыйзамдар менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү.
39. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Жобо менен белгиленген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай ишке ашыруу үчүн зарыл болгон анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү Ишканадан суроого жана алууга;
2) Ишкананын директорунун ишине баа берүүнүн жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорун ээлеген кызматынан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотууга, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) мүлктүн максаттуу пайдаланылышы жана сакталышынын натыйжалуулугун контролдоо максатында Ишкананын аймагына текшерүү жүргүзүүгө жана барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
40. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашууну Ишкананын директорунан көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ишке ашырат.
Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесин сунуш кылынган долбоору менен макул болбогон учурда, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Ишкананын директоруна жүйө келтирилген жазуу жүзүндөгү баш тартууну жиберет.
41. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
8-глава. Ишкананы башкаруу
42. Ишкананы директор башкарат. Директор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилген адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
43. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
44. Ишкананын директору кызматтык милдеттерин аткарууга эмгек келишими түзүлгөндөн кийин киришет.
45. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
46. Директорду кызматтан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
47. Ишкананын директору төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча жана канааттандыраарлык эмес баа алуу;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбоо;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
48. Ишкананын директорунун орун басары болот. Директордун орун басары директордун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
49. Директордун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
50. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
51. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, жоопкерчилик алат жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген укуктардан пайдаланат.
52. Курулуп бүткөн магистралдык темир жолдорду долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого байланышкан эң маанилүү, стратегиялык маселелерди кароо үчүн Техникалык кеңеш түзүлөт.
53. Ишкананын директору Техникалык кеңешке жетекчилик кылат. Техникалык кеңештин курамы жана анын Жобосу Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
54. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишине жетекчилик кылуу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө квартал сайын жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди ишке кабыл алуунун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Ишкананын уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
12) ушул Уставда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган укуктарды толук көлөмдө ишке ашыруу менен Ишкананын жалпы ишин жана карамагындагы филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн, өкүлчүлүктөрүнүн ишин жетектейт;
13) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
14) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык темир жол уюмдарында, бардык менчик түрүндөгү ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
15) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
16) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды чыгарат, бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
17) жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
18) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, коопсуздук техникасын (өндүрүштө) сактоо үчүн жоопкерчилик тартуу;
19) директордун орун басарларынын, башкы инженердин, Ишкананын башкармалыктарынын, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктеринин, адистердин ыйгарым укуктарын белгилөө, ошондой эле иштин айрым тармактарын жетектөө үчүн алардын жоопкерчилик даражасын белгилөө;
20) Ишкананын отчетторун жана жылдык балансын бекитүү;
21) Ишкананын директор же анын орун басарлары тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундарынын тизмегин бекитүү;
22) филиалдардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу;
23) Ишкананын кызматкерлерин тандоо системасын, алардын жоопкерчилик, эмгек акы төлөө, сыйлоо, социалдык коргоо, анын ичинде өндүрүштүн ардагерлерин социалдык коргоо шарттарын аныктоо;
24) Ишкананын керектөөлөрүнүн негизинде кадрларды кесиптик жана экономикалык окутуу системасын уюштуруу, материалдык базаны күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
25) кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;
26) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын поезддердин кыймылы жана жүргүнчүлөрдү тейлөө менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлеринин айрым категорияларынын жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын өзгөчө режимин камсыз кылуу;
27) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрүү;
28) филиалдардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, өкүлчүлүктөрдүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген темир жол менен ташуу жаатындагы эл аралык эрежелерге жана стандарттарга каршы келген, ошондой эле экономикалык максатка ылайыктуулук принциптерине жана Ишкананын колдо болгон ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жооп бербеген буйруктарын жана тескемелерин токтотуп туруу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу;
29) Ишкананын филиалдарын, түзүмдүк бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн кайра уюштуруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
30) Ишкананын филиалдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн жоболорун бекитүү;
31) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
55. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
56. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге жана уюмдарга жана жеке жактарга кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
57. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана уюштуруучунун суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
58. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө таризделет.
9-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
59. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кирет:
1) директор;
2) директордун орун басары;
3) башкы бухгалтер.
60. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда ушул Уставга ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
61. Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
62. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
10-глава. Ишкананын аудити
63. Ишкананын ишинин ички аудити Ишкананын ички аудитору тарабынан жүргүзүлөт.
64. Ички аудиторду кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо Ишкананын жылдык бюджетине ылайык жүзөгө ашырылат.
65. Ишкананын ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдоо жол-жоболорун жүргүзөт:
1) Ишкананын жылдык бюджетинин аткарылышынын толуктугун жана негиздүүлүгүн текшерүү;
2) Ишкананын активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик жана башкаруу маалыматтарынын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо;
4) Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, өкүлчүлүктөрүндө, филиалдарында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын текшерүү.
Ички аудитке байланышкан башка маселелер "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленет.
Ишкананын ички аудит кызматынын ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетуна киргизилүүгө тийиш.
11-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук жана контролдоо
66. Ишкана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыктарынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт, филиалдардын ишин контролдойт.
67. Ишкана белгиленген тартипте өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдарга берет.
68. Ишкана консолидацияланган балансты, өз ишинин натыйжаларынын эсебин жана финансылык отчетун жүргүзөт, ошондой эле филиалдардын ишин контролдойт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
69. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
70. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жана ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
71. Ишкана анын курамына кирген бөлүмдөр тарабынан финансылык-чарбалык иштин жүргүзүлүшүн контролдойт. Текшерүүлөрдү Ишкананын ички аудит кызматы жүргүзөт, ошондой эле тышкы аудиторлор тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
72. Түзүмдүк бөлүмдөр Ишканага отчет берет жана консолидацияланган отчетту түзүү, финансылык натыйжаларды талдоо жана келечекке башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдө финансылык жана статистикалык отчетторду берет. Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн консолидацияланган бухгалтердик балансы жана финансылык натыйжаларынын отчету Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
12-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
73. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
74. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
75. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын директор башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгер Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
76. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы N 252 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)

55. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке жоопкерчилик тартат.