Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-майы № 249-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Үңкүрташ алтын жана күмүш кенин иштетүү үчүн, 1-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер менен;
2) Үңкүрташ алтын жана күмүш кениндеги № 2307АЕ жана № 4791AP лицензиялар берилген участокторду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Үңкүрташ-Каратөбө алтын жана күмүш аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн, 2-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер менен.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Үңкүрташ алтын жана күмүш кенин иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 12671000 | 4598750 |
2 | 12673000 | 4598750 |
3 | 12673000 | 4597350 |
4 | 12672325 | 4597352 |
5 | 12671610 | 4597464 |
6 | 12671050 | 4597550 |
7 | 12671008 | 4597164 |
8 | 12671500 | 4597086 |
9 | 12671500 | 4595850 |
10 | 12669500 | 4595850 |
11 | 12669500 | 4596201 |
12 | 12669528 | 4596289 |
13 | 12669700 | 4596622 |
14 | 12669685 | 4596648 |
15 | 12669725 | 4596672 |
16 | 12669870 | 4596950 |
17 | 12669767 | 4596955 |
18 | 12669500 | 4596476 |
19 | 12669500 | 4597350 |
20 | 12671000 | 4597350 |
Аянты 548 га | ||
|
| 2-тиркеме |
Үңкүрташ алтын жана күмүш кениндеги № 2307АЕ жана № 4791AP лицензиялар берилген участокторду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Үңкүрташ-Каратөбө алтын жана күмүш аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 12667185 | 4593560 |
2 | 12667067 | 4598996 |
3 | 12671000 | 4599000 |
4 | 12671000 | 4599999 |
5 | 12675269 | 4599992 |
6 | 12674450 | 4593699 |
Аянты 4525 га | ||