Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊештин кырк биринчи сессиясы
2020-жылдын 12-декабры №4
2021—2025 жылдар ичиндеги инклюзивдʏʏ өнʏгʏʏ программасы кабыл алуу жөнʏндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын аныктоодо, калк жана жеке ишкерлер менен кызматташуусун жакшыртууда айыл өкмөтү менен бирдикте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө «Мамлекеттик жеке диалог»(МЖД) кызматташуу аянтчасын түзүү аркылуу, экономикалык өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү Өнүктүрүү Программасынын артыкчылыктуу багыттарын бирдиктүү ишке ашыруу максатында 18.08.2020 жылы № 188 буйругу менен айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн Жергиликтүү деңгээлдеги жумушчу тобунун, айылдык кеңештин депутаттары жана айылдардагы фокус топтордун сурамжылоо боюнча жүргүзгөн жумуштарынын негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Атабеков айыл аймагынын 2021-2025 жылдар ичиндеги инклюзивдүү өнүгүү программасы кабыл алынсын. (Өнүгүү программа тиркемеси менен)
2. Айыл өкмөттун Өнүктүрүү Программасындагы артыкчылыктуу багыттары боюнча иш алып баруу айыл өкмөттүн башчысына жана бардык тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүчү, экономикалык жактан пайда алып келүүчү калктын бардык өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн «Жергиликтүү демилге долбоорлорун» даярдоо жана ишке ашырууга жергиликтүү деңгээлдеги жумушчу тобунанун (ЖДЖТ) мүчөлөүнө көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнүн башчысына жана тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Калмурзаев |