МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 110
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022 жыл № 07-3/11273 , 02.12.2022 –жыл №07-3/11317 көрсөтмөсүн кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл аймагынын экономикалык –пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,3кө барабар деп кабыл алынсын.
2.Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3 топтогу обьектилерине салык чегерүү 2023-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирсин.
3.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыктары жергиликтүү бюджетин эсебинде калтырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
Төрайым | Г. Жороева. |