Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 1
Казыбек айылынын «Бусурманкул» паркынан жер бөлүү жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Ы.Керималиеванын «Бусурманкул» атындагы парктан жеңил курулуш менен балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер бөлдүрүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылынын тургуну Ы.Керималиевага Бусурманкул атындагы парктан тиешелүү жерин аныктап, 1 жылдык мөөнөт менен 25 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин, эгерде ушул убакыттын ичинде долбоору ишке ашпаса кайра кайтарылаары эскертилсин.
2. Жерди аныктап « Бусурманкул » атындагы парктын тиешелүү жеринен жер бөлүп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Ибраевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Бактыгулов |