Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 2
«Казыбек -Жеткинчек» балдар бакчасынын имаратынын капиталдык ремонтуна акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айылында «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын директору Э.Есеналиеванын бала бакчанын эски имаратынын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна Казыбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен дем берүүчү грантка өздүк салым иретинде айыл 574 251 (беш жүз жетимиш төрт миң эки жүз элүү бир) сом бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен убактысы келгенде которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага милдеттендирилсин.
3 Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Бактыгулов |