Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабрындагы № 3
Казыбек айыл аймагында мүлк салыктарын колдонууга киргизүү жана тазалык жыйымын белгилөө жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн салык жана киреше боюнча жетектөөчү адиси А.Кулетованын аймакта мүлк салыктарын колдонууга киргизүү жана тазалык жыйымын белгилөө жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл аймагында Кыргыз Республикасынын 18-январь 2022-жылдагы №4 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин» колдонууга киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыктарын колдонууга киргизилсин.
2. Казыбек айыл аймагына караштуу «Казыбек-Жаңы-Күч» муниципалдык тазалык ишканасы айылдык Кеңеш тарабынан бекитилип берилген тиешелүү тарифтин негизинде, калктан акы алып кызмат көрсөтүп иштеп жаткандыктан ар бир жашоочуга тазалык жыйымын белгилөө зарылчылыгы жок жана тазалык жыйымы белгиленбесин.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Бактыгулов |