Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 07-декабрындагы № 1
Казыбек айылындагы жаңы салынып бүткөн «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын көмүр отунуна акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айылындагы жаңы салынып бүткөн «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын имаратын кышкы жылытууга айыл өкмөтүнүн бюджетине акча каражаты Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен акча которулгандыгынын негизинде ,айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы жаңы салынып бүткөн «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын имаратын кышкы жылытууга айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин максаттуу каражатынан кошумча 144000 (жуз кырк төрт миң) акча бөлүнгөндүктөн «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын имаратын жылытууга 144000 (жуз кырк төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү статьяга киргизүү жана акча которуу жагы ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага тапшырылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялоо жагы тендер боюнча иш алып барган адис Э.Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э.Бактыгулов |