КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №2
“Айыл өкмөттөрдүн чек арасынын схемалык картасына жана чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 16.01.2024-жылдын №13-б комиссия түзүү жөнүндө буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын жана токтомдун көчүрмөсү Чаткал райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |