Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №3

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/2 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иш Регламентин бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иш Регламенти бекитилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

 

4.    Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

М.Ш. Аликеев