Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 164/22-8
2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 16.03.2023-жылдагы №01-21/214 сандуу, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 53 370, 483 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда 2022-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 53 370, 483 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо үчүн 8 000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнүн жолдоруна кум шагыл төгүп, тегиздөө үчүн кум шагыл сатып алууга 2 000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында Аэропорттун жанындагы О.Шамбетов көчөсүндө 6 га жер тилкесине жайгашкан парк курулушу үчүн 10 514 443 сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын асфальт жолдорунун тешиктерин жамоо үчүн 500,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы билим берүү мекемелеринин жанына жөө адамдар үчүн жасалма өткөөл (лежачий полицейский) орнотуу жана жалпы шаар ичине жол белгилерин коюу үчүн 565,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Ш.Шеркулов жана К.Каимов көчөлөрүнө лоток коюп тегиздөө үчүн 150 000 сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборуна Эл аралык фестивалдарда алдынкы орундарды женген окуучуларды жана топ жетекчилерин сыйлоо үчүн 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борбору аркылуу каржылансын.
- Шаардык билим берүү бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана коммуналдык чыгымдарды төлөө үчүн 400,0 миң сом акча каражаты Талас район, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Талас каржы башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай чыгымдар беренесине 70,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн 300 ,0 миң сом акча каражаты Талас район шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы ЕББР долбооруна кирбеген ички көчөлөргө таза суу киргизүү жана алардын долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 20 300 000 сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарына балдар аянтчаларын куруу жана алардын долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 5 150 000 сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында 2021-жылга карата мал санактарды жүргүзүү кызматынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн 100,0 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Б. Баатыр жана Ж.Рыскулов көчөлөрүнө жөө адамдар жүрүүчү тратуар жасоо жана анын долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 4 400 000 сом акча каражаты Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- “Жаштык” кичи районунун жашоочуларын таза сууга кошуу үчүн 600,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эмдөө кабинетинин күтүү залына 1-6 жашка чейинки балдар үчүн балдар аянтчасын курууга 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын (2022-жылдын 1-июлунан баштап жоюлган) жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн 2215 жана 2222 беренелери боюнча тендерден өткөн бирок мамлекеттик сатып алуулар порталына которулбай калган 80.0 мин сом карызы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн (2022-жылдын 1-июлунан баштап жоюлган) кызматкерлеринин компенсациясы үчүн 41040 сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) жүктөлсүн.
Төрага | К.Джаныбеков |