Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-майы № 251
2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук
базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде 2024-жылга – 39 588 000(отузтогузмиллионбешжүзсексенсегизмиң)сом, 2025-жылга – 53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң) сом, 2026-жылга – 19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң) сом финансы каражаттарын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору бул токтомго ылайык бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |