Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 31/5
Жан-Булак айылында Айыл чарба жумуштарынын бааларын жана мал багуучулардын көчүп конуусу боюнча графиктерин аныктоо жана малдын багуусунун бааларын бекитүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги жалпы чогулушунун № 2 пртоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депуттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктуна ылайык угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын 4-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айыл чарба жумуштарынын баалары төмөндөгү баада бир гектар жер аянтына бекитилсин
· Жер айдоо дын жер 1500 (Бир мин беш жүз )сом, күйүүчү майы 30 литр
§ Аныз жер -1300 (Бир мин үч жүз )сом, күйүүчү майы 25 литр
· Тырмоо 650(алты жүз элүү) сом, күйүүчү майы 10 литр
· Эки жолу тырмоого -1300(Бир мин үч жүз )сом, күйүүчу майы-15 лтр
· Себүү 650 (алты жүз элүү ) сом, күйүүчү майы 10 литр
· Арык тартуу 250 сом, күйүүчү майы келишим менен,өстөн арык метри 5 сом майы ичинде
· Дан-эгин чабуу 2000 сом, күйүүчү майы 20 – литр
· Жатка менен чөп чабуу 1500 сом, майы 10 литр
· Чөп тартуу Нарын шаарына 1 боого 20- 25 сом ылдыйкы бригада, өйдөкү бригада боюнча
· Айыл ичине чөп тартуу 8 сом
· Чөп престөө(бир пресс үчүн) 8 сом, күйүүчү майы 10 литр
· Дан эгин кара сугат 3000 сом
· Көп жылдык чөп сугаруу 2000 сом. Келишим менен.
2. Жан-Булак айыл аймагында мал багуу,көчүп конуу төмөндөгү дөй баада бекитилсин
· Майда жандык (кой, эчки) бир башка – 50(элүү) сом,айдашып барса 45с, налогу ичинде
· Бодо мал башына – 400 (төрт жүз) сом,мал айдашып барса 300 с
· Баданы 25-апрелде чыгаруу, токойго, өзүнүн жерине аркандагандарга тыюу салынат.Штраф-1000с.Достук-2000с
· Корук 20 -25 -апрелге чейин көчүрүү,
· Чон жайлоого көчүрүү –айыл ичинен көчүрсө 10000 с, ички жайыттан алып кетсе 12000
3. Жайыт комитети малчыларды айыл аймактан 25-апрелден баштап көчүп кетүүсүн ,ал эми чон жайытка 1-июлга чейин көчүүсүн жана күз мезгилинде 10-октябрдан баштап айыл аймакка көчүп келүүсүн тыкыр көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Мыйзам бузган учурларда административдик айып салынары эскертилсин.
Төрага |
| Э.Мамбеткулов |