Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 24-апрели  № 165/22-8

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 27.12.2022-жылдагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланган №41/19-8 жана №45/19-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мыйзамынын 34-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 15.03.2023-жылдын №01-19/568 чыгыш сандуу катынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 27.12.2022-жылдагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлордун ичинен №41/19-8жана №45/19-8 сандуу токтомдорунун 1-пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

- Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун отургучтарын

алмаштыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жалпы суммасы 3 633 153 сомдун ордуна 3 600 000 сомго,

 - Талас шаарындагы №2 орто мектебинин эшиктерин алмаштыруу жана брусчатка төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жалпы суммасы 2 279 105 анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 454 821 сомдун ордуна 455 821 сомго,

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Джаныбеков