Сравнение редакций…
2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасы
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Стандартташтыруу, метрология, сыноо, сертификациялоо жана аккредитациялоо сыяктуу компоненттерден турган өнүккөн балансталган натыйжалуу сапат инфраструктурасы эл аралык параметрлерге ылайык келүүгө тийиш. Метрология сапат инфраструктурасынын маанилүү компоненттеринин бири катары бардык компоненттер менен бирге өнүгүүгө тийиш.
Өлкөдө өлчөө бирдейлиги мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын жыйындысын түзүүчү өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу системасынын, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик-техникалык жана методикалык документтердин, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу системасынын катышуучуларынын, өлчөө каражаттарынын эталондук базасынын жана паркынын иштешинин натыйжасында жетишилет.
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү саламаттык сактоо, ветеринария, айлана чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, эмгекти коргоо жаатында, өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүндө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алууда (туташтыруунун узактыгын жана трафиктин көлөмүн) жана техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда аткарыла турган өлчөөлөргө жайылтылат. Иштин көрсөтүлгөн чөйрөлөрүндө өлчөөлөрдү жүзөгө ашырган ишканалар жана уюмдар мындай өлчөөлөргө карата милдеттүү метрологиялык талаптарды сактоого милдеттүү.
Ошентип өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу системасынын катышуучулары же пайдалануучулары болуп өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу системасы жок учурда иштөөсү мүмкүн болбогон экономикалык иштин субъекттери саналат.
Кабыл алынган эл аралык принциптер жана эрежелер боюнча иштеген метрологиялык инфраструктура болгондо гана кандайдыр бир өлкөдө жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын таанууга мүмкүн.
Алдынкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу системасынын алдыга өнүгүшү экономиканын эң жогорку технологиялуу чөйрөлөрүнүн бири катары анын башка элементтеринин өнүгүшүнө дем берүүчү таасиринин тийгизерин көрсөттү.
Улуттук эталондук база – бул мамлекеттүүлүктүн маанилүү элементин көрсөтүүчү, анын улуттук мурасын жана мамлекеттик менчикти гана түзгөн техникалык комплекс.
Мындан тышкары эталондук база техникалык жөнгө салуу (стандартташтыруу, шайкештикти баалоо) бөлүгүндө башка мамлекеттик функциялар үчүн техникалык негиз болуп саналат жана акырында республиканын экспортун өнүктүрүүнүн жана ЕАЭБге интеграциялоонун көзгө көрүнбөгөн негизи болуп саналат.
2-глава. Жетишкендиктер жана проблемалар
Республиканын эталондук базасын тез арада модернизациялоонун жана экономиканын бардык чөйрөлөрүндө катуу метрологиялык контролдун зарылдыгы өзгөчө актуалдуу жана аны мамлекеттик өнөр жай саясатынын эң маанилүү элементтеринин бири катары саноо керек.
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары – Кыргызстандарт) улуттук жана баштапкы эталондордун сактоочусу болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргызстандартта 9 калибрлөө лабораториясы бар, аларда өлчөөнүн 12 түрү боюнча 25 эталон колдонулат: массаны, температураны, басымды, кичине көлөмдөрдү, узундукту, электр жана убакытты, физикалык жана химиялык өлчөөлөрдү, жылуулук-техникалык. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорунун тизмегин бекитүү жөнүндө” токтому менен Кыргызстандарттын 7 эталонуна улуттук статус берилген.
Кыргызстандарттын 10 аймактык бөлүмү бар, алар метрология жаатында өлчөөлөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча иштерди аткарат: геометриялык чоңдуктарды, механикалык чоңдуктарды, агымдын параметрлерин, заттардын чыгымын, деңгээлин, көлөмүн, басымды, заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин, убакытты жана жыштыкты, электр жана магниттик чоңдуктарды, радиотехникалык, оптикалык жана оптика-физикалык чоңдуктарды өлчөө. Алардын эталондук базасы 30 жылдан ашык жаңыланган эмес.
9 калибрлөө лабораториясынын ичинен Кыргызстандарттын төрт эталондук лабораториясы Dakks немец аккредитациялоо органында аккредитацияланган жана азыркы учурда “Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга көмөктөшүү” долбоорунун колдоосунда турат, аны ишке ашырууга 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Федералдык физикалык-техникалык институтунун (мындан ары – РТВ) ортосундагы макулдашууга кол коюлган, лабораторияларды аккредитациялоону, эталондорду күтүүнү каржылоо жүргүзүлүүдө. Алсак 2021-жылы РТВ аккредитациялоого жана эталондорду күтүүгө 4,445 миллион сом бөлгөн. Жыл сайын эл аралык эксперттер эталондук лабораториялардын компетенттүүлүгүнүн шайкештигин, лабораторияларды баалоого даярдоого (эталондорду салыштыруу, калибрлөө, адистердин квалификациясын жогорулатуу, жайларды жана көмөкчү жабдууларды күтүү) жана баалоого байланышкан бардык чыгымдарды ырастоо үчүн лабораторияларды баалоого келет. Муну менен бирге долбоор 2025-жылы аяктарын белгилей кетүү зарыл.
2022-жылы Кыргызстандарт жана анын аймактык бөлүмдөрү 152 бирдик – өлчөө каражаттарынын тибин таануу боюнча кызматтарды көрсөткөн, 21 бирдик – тип бекитилген, 85 бирдик изилденген, 278 873 бирдик текшерилген, 935 бирдик өлчөө каражаты калибрленген.
2022-жылы Кыргызстандарт мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 11 108 670 (он бир миллион бир жүз сегиз миң алты жүз жетимиш) сом суммасына Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана видео фиксациялоонун программалык-аппараттык комплексинин иштешин метрологиялык камсыздоо үчүн зарыл болгон эталондук жабдууларын сатып алган.
2009–2011-жылдары Дүйнөлүк банктын “Ишкердикте жана соодада техникалык тоскоолдуктарды азайтуу” долбоорунун алкагында температура жана масса, физикалык-химия, басым, электр энергиясы жана узундук багыттары боюнча эталондор жарым-жартылай жаңыртылган.
Басылмада жарыяланган маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, эгерде мурда алдынкы өлкөлөрдүн эталондук базасы ар бир 15 жылда жаңыланып турса, бүгүнкү күндө эталондук база ар бир 5–7 жылда жаңыланып турууга тийиш. Жаңылануунун мындай ылдамдыгы илимдин жана техниканын суроо-талаптары, илимди көп талап кылган жана эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны иштеп чыгуу жана чыгаруу зарылдыгы менен шартталган.
Ошол эле учурда текшерүү схемаларындагы баштапкыдан төмөн турган баш ийүүчү (жумушчу) эталондорду жаңылоо зарыл, анткени алар өлчөө каражаттарын текшерүүдө/калибрлөөдө кыйла интенсивдүү пайдаланылат. Баштапкы эталондорго байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алар башка өлкөлөрдүн эталондору менен региондук негизги салыштыруулардын алкагында Эл аралык өлчөмдөр жана салмактар бюросунун окшош эл аралык эталондору менен үзгүлтүксүз салыштырылууга тийиш. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сомго жакын өлчөмдө акча каражаттарын бөлүп берүү зарыл.
Түрдүү ведомстволордун жана ишканалардын метрологиялык кызматтарына тиешелүү бир катар баштапкы эталондор жана жогорку тактыктагы өлчөө каражаттары республикада тиешелүү улуттук жана баштапкы эталондордун жоктугунан алардын ээлери тарабынан өлкөдөн тышкары – Россия менен Казакстанга текшерүүгө/калибровкага чыгарылууда, бул республиканын башка өлкөлөрдөн техникалык жана экономикалык жактан көз карандылыгына алып келет.
Энергетика багытында Кыргызстандарт электр энергиясынын эсептегичтерин текшерүү үчүн ишкананын эталондук базасын – стендин колдонот. Алсак, газ эсептегичтерин текшерүү үчүн “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомдун стенддерин колдонот. Ушундай эле кырдаал башка багыттарда да түзүлгөн.
Эталондук базанын болушу жана актуалдуулугу жагынан кырдаалды талдоо республикада эталондордун жоктугунан улам көптөгөн өлчөө каражаттары текшерүү үчүн ишканалар тарабынан чет өлкөгө чыгарылып жатканын көрсөттү. Мисалы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” акционердик коому текшерүү жана калибрлөө үчүн жыл сайын 1,3 миллион сом суммасына өлчөө каражаттарын чет өлкөгө чыгарат. Бул бир гана ишкана, республикада масштабы алда канча көбүрөөк болот.
Кыргызстандарттын эталондук базасын күтүү боюнча маселе өтө курч турат, ал төмөнкүлөрдөн турат:
– эталондорго байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу (кыйла жогорку класстагы эталондору бар аккредитацияланган лабораторияларда калибрлөө үчүн чет өлкөгө эталондорду алып чыгуу, мындай лабораториялар менен салыштыруу);
– иштөө тартибинде кармоо (жабдууларды, жайларды, атайын жабдуулар менен камсыз кылынуучу микроклиматты (температураны, нымдуулукту, басымды), чыгымдалуучу материалдарды оңдоо);
– чет өлкөдөн эталондорду экспорттоо жана импорттоо үчүн логистика.
Бул чаралардын бардыгы республиканын бюджетинен финансылык салымдарды талап кылат. Жыл сайын улуттук эталондорду калибрлөө үчүн чет өлкөгө, атап айтканда TUBITAK космостук технологияларды изилдөө институтуна алып барылат. Чыгымдар республикалык бюджеттен 2,5 миллион сом суммасында жабылат. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандарттын эталондорду ташып чыгарууга бөлүнгөн каражаттары секвестрленген жана кийинки жылдары бул каражаттар Кыргызстандарттын бюджетине киргизилген эмес.
Жүргүзүлгөн талдоодон көрүнүп тургандай, метрология чөйрөсү чыгашалуу болуп саналат, ошону менен бирге бул иш соода операцияларында гана эмес, ошондой эле продукциянын коопсуздугу, саламаттык сактоо, курулуш, транспорт, энергетика ж.б. чөйрөлөрдөгү өлчөөлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.
Эгерде коңшу мамлекет – Өзбекстан Республикасына салыштырсак алардын эталондук базасы акыркы жылдары кыйла кеңейди жана жаңыланды. Мамлекет республиканын эталондук базасын модернизациялоону камсыз кылат жана эталондук жабдууларды сатып алууга жана күтүүгө чоң финансылык каражаттарды бөлүп турат. 2019-жылдан баштап 2021-жылга чейин Өзбекстан эң жогорку тактыктагы 18 эталонду жана өлчөө каражаттарын алган, ал эми Кыргызстанда 7 гана улуттук эталон бар, аларды дагы заманбап, өркүндөтүлгөн эталондорго алмаштыруу талап кылынат.
3-глава. Максаты
Программаны ишке ашыруунун максаты өлчөөлөрдүн натыйжаларын эл аралык таанууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 227-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын экономика тармактарында өлчөөлөрдү метрологиялык камсыздоого керектөөнү кыйла толук канааттандыруу болуп саналат.
4-глава. Артыкчылыктар
Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргызстандарттын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн эталондук базасын жаңылоо жана кеңейтүү;
2) масса, температура, басым, аз көлөмдөр жана башка багыттар боюнча эталондук лабораторияларды аккредитациялоо статусун сактоо;
3) эталондорду эл аралык талаптарга жооп берген абалда сактоону жана күтүүнү камсыз кылуу.
5-глава. Артыкчылыктардын ар бири боюнча милдеттер жана чаралар/иш-аракеттер
Эталондук базаны жаңылоо жана кеңейтүү өлчөөнүн төмөнкү түрлөрү үчүн заманбап эталондорду сатып алуу боюнча чараларды камтыйт:
– жылуулук техникасы;
– электрдик, анын ичинде саламаттык сактоодо колдонулуучу өлчөө каражаттары үчүн;
– механикалык;
– физика-химиялык.
Бул экономиканын ар түрдүү чөйрөлөрүндө мамлекетте ишенимдүү өлчөөлөрдү кармоо үчүн кыйла кеңири таралган жана зарыл болгон өлчөөлөрдүн негизги түрлөрү. Илимий-техникалык прогресстин шарттарында бул багыттардагы эталондорду жаңылоо жана кеңейтүү, технологияны тез жаңылоо колдонуучулардын заманбап өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жана калибрлөө бөлүгүндө метрологиялык камсыздоо милдетин чечет. Ар бир эталондук жабдуу өзүнө негизги жана көмөкчү жабдууларды камтыйт. 2024-жылы – 39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң) сомго, 2025-жылы – 53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң) сомго, 2026-жылы – 19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң) сомго эталондук жабдуулардын комплексин сатып алуу пландалууда. Жалпысынан эталондук жабдууларды сатып алууга 112 000 000 (бир жүз он эки миллион) сом талап кылынат.
Масса, температура, басым, аз көлөм жана башка багыттар боюнча эталондук лабораториялардын аккредитациялык статусун колдоо үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
– эл аралык талаптарга ылайык көзөмөлдөнүүчү кыйла жогорку класстагы эталондор менен эталондорду кайра калибрлөө;
– биздин эталондордун эквиваленттүүлүгүнүн даражасын ырастоо үчүн так белгиленген методикалар боюнча жүргүзүлгөн эл аралык негизги салыштырууларга катышуу;
– мезгил-мезгили менен окутуу жана аттестациялоо аркылуу адистердин квалификациясын колдоо.
Башкача айтканда ИСО МЭК 17025 жана ИСО МЭК 17020 стандарттарынын талаптарына ылайык лабораторияларды кармоо зарыл.
Бул багыттар боюнча өлчөө натыйжаларын таануу боюнча милдет чечилет жана аккредитацияланган лабораториялардын статусу сакталат, бул ILAC MRA макулдашуусуна кол коюу үчүн зарыл болуп саналат.
Жогору даражадагы эталондорду сактоо жана күтүү – белгилүү бир шарттарды түзүүнү талап кылган техникалык жактан татаал милдет:
– кайра калибрлөө үчүн эталондорду чет өлкөлөргө мезгил-мезгили менен алып чыгуу;
– эталондор үчүн микроклиматты түзүү (температура, нымдуулук ж.б.);
– негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалын иштөө тартибинде кармоо;
– жайларды жакшы абалда кармоо.
6-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Жаңыланган жана кеңейтилген эталондук база экономиканын бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө метрологиялык көзөмөлдөөнү камсыз кылат жана ошого жараша продукциянын ЕАЭБ/ББ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин сапаттуу ишенимдүү сыноону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Өлчөөнүн негизги түрлөрү боюнча өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө жагынан чет өлкөгө өлчөө каражаттарын чыгаруунун кыскарышы күтүлүүдө, ошондой эле электр энергиясын жана башка энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун текшерүү жагынан Кыргызстандарт метрология боюнча улуттук орган катары Кыргызстандарттын аймагында, өзүнүн стенддеринде кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыгышын четтетүү менен текшерүү жүргүзөт. Жалпысынан жаңыланган жана кеңейтилген эталондук база Кыргызстанда экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп күтүлүүдө.
Аккредитацияланган эталондук, калибрлөө, текшерүүчү лабораториялардын статусу Кыргызстанда жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн, сыноолордун натыйжаларын ЕАЭБ аймагында гана эмес, ILAC MRA макулдашуусуна кол койгон башка өлкөлөрдө да таанууга жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Аккредитацияланган лабораториялардын статусун кармоого умтулуу продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоодо жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын таанууну камсыздоого багытталган, бул экспорттун өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Мамлекеттин экономикасы күчтүү болсо мамлекет күчтүү болот. Экономиканы өнүктүрүүдө мамлекеттин өнүккөн инфраструктурасы, анын ичинде сапат инфраструктурасы чоң мааниге ээ. Эң маанилүү элементтердин бири бул эталондук база болуп саналат. Республиканын эл аралык талаптарга шайкеш келген, көзөмөлдөөнү, заманбап өлчөө каражаттары менен шайкештигин жана туура келишин камсыз кылуучу эталондук база, бул өлчөөнүн негизги багыттары боюнча өлчөө каражаттарын метрологиялык камсыз кылууга мүмкүндүк берет.