КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №4
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына “Чаткал тазалык жана таза суу” муниципалдык ишканасын кошуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергилиетүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин маалыматын эске алып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасын “Чаткал тазалык жана таза суу” муниципалдык ишканасына кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
- “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын аталышы “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына өзгөрүлсүн. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы;
- мамлекеттик тилде: “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасы.
- расмий тилде Муниципальное предприятие “Каныш-Кыя”.
Кыскача фирмалык аталышы;
-мамлекеттик тилде: “Каныш-Кыя” МИ.
- Расмий тилде МП “Каныш-Кыя”.
- “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын Жобосу бекитилсин, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Төрага: | М.Ш. Аликеев |