ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 166/22-8
Талас шаарынын аймагында мүлк салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4 пункттары, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин кабыл алуу” жөнүндөгү №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 22.03.2023-жылдын №01-19-616 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып, мүлк салыгы колдонууга киргизилсин жана турак жай имараттарга, курулмаларга, жайларга, айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгы нарктык коэффициенти (КЗ) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |