Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 168/22-8
Талас шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежесин бекитүү жөнүндө
(Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 19-июлундагы № 189/26-8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы” жөнүндө Указы жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү коргоонун абалына ылайык иштелип чыккан типтүү жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 11.04.2023-жылдын №01-19-876 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 19.04.2016-жылдагы №264/32-6 сандуу Талас шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |
|
| БЕКИТЕМИН Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “ 24” 04 2023-ж. № 168/22-8 токтомуна тиркеме төрага К.Джаныбеков |
Талас шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу,
тазалыкты сактоонун эрежелери
(Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 19-июлундагы № 189/26-8 токтомунун редакциясына ылайык)
§1. Жалпы жоболор
1. Шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун ушул типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү» кодексинин, «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндөгү” КР Президентинин Указы жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
Катуу калдыктарды чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташуугамүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу калдыктарды, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.
Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Тиричиликтеги катуу калдыктар (мындан ары- ТКК) – адамдар күнүмдүк турмуш тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
§3. Турмуш тиричиликтеги калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
6. Шаар аймагына караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ТКК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен ТКК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
7. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык Кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук сунуштардын/офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
8. Шаардын аймагында ТККны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
1) Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
2) Мөмө жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
3) Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
9. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт.
10. Тургундар кварталдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
11. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
12. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар кадыктарды контейнерлерге чогултат.
13. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
14. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типте даярдоого жол берилет.
15. Контейнерлерди дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланышы керек.
16. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
– жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;
– ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
17. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
18. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
19. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын жеташтандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
20. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
21. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер мэрия, кварталдык комитеттер жана катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
22. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
23. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу тиричиликте колдонулган катуу калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
24. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
25. Курулуш таштандыларын , көмүр отун калдыктарын (күл), малдын кыгын көчөгө чыгарууга жана таштанды урналарына салууга тыюу салынат;
26. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
27. Юридикалык жана жеке жактар катуу калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
28. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү жана жакшыртуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза чаралары бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоопкерчиликти тартат.
29. Таштандыны сорттоп чыгаргандарга жана тарифти өз убагында төлөгөндөргө жеңилдиктер каралат.
30. Муктаж категориядагы жарандарга суббцидия каралат. Муктаждардын категориясы атайын мэрия тараптан аныкталат.
31. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
32. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
33. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
34. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
35. Кошумча көмөкчүсү жок майыптыгы бар адамдардын ичинен таштандыны сыртка чыгаруу мүмкүндүгү болбогон жарандарга жардам катары Мэрия тарабынан түзүлүп бекитилип берилген жарандарга кызмат көрсөтүүчү үй ичинен таштандыны алып кетүү кызматын аткарат.
36. Көчөгө таштанды жыйнап кетүү графигинде көрсөтүлгөн датада гана таштандыны көчөгө чыгарууга менчик ээлерине уруксат берилет. Башка учурларда чачылган таштанды үчүн менчик ээсине чара көрүлөт жана жыйноо иштери милдеттендирилет.
37. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата ыңгайлуу шарт түзүү үчүн ар бир аялдаманын же коомдук жайлардагы отургучтардын оң тараптарына таштанды челектерин орнотуу кызмат көрсөтүүчү тарабынан аткарылат.
38. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
39. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
40. Коомдук жайларга таштанды челектери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
41. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
42. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерин объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
43. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
44. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
45. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Мэрияга жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
46. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
47. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо Мэрия менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
– Мал союучу жайларды иштетүүчү же менчик ээси таштанды чыгарууда малдын биологиялык таштандыларын чыгарууда кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзүүгө милдеттүү.
– Мал союучу жайларды иштетүүчү же менчик ээси же жеке жана юридикалык тараптар тарабынан малдын биологиялык таштандыларын чыгарууда белгиленбеген жерлерге таштоо учурлары аныкталган учурда, аларга карата жоопкерчилик каралат.
48. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
49. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
50. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
– узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
– туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
51. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
52. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
53. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
54. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
55. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
56. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
57. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына, таза суу тутумдарына жана саркынды суу кабыл алуу тутумдарына төгүүгө тыюу салынат. Фактылар аныкталган учурда КРнын Укук бузуулар Кодексинин негизинде айып төлөмдөр салынат.
§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
58. Юридикалык жана жеке жактар шаардын бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
59. Шаардын аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
60. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
61. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
62. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
63. Шаар аймагындагы жол тилкелерин, асфальт, тратуар курулмаларын тиешелүү кызматтардын жана шаар мэриясынын уруксаатсыз бузуп өтүүгө тыюу салынат.
64. Көчө боюнда, тратуарларда, гүл бакчалардын аянтында, Тарыхый обекъектилердин аянтында жана коомдук жайларда тиешелүү кызматтардан уруксаат албастан, баш-аламан соода сатык жүргүзүүгө тыюу салынат. Ал эми аны жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар аныкталган учурда, жоопкерчилик (айып төлөм) каралат.
§6. Жашылдандыруу.
65. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
– бак-дарактарды олтургузуу,
– бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
– газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтердичачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
– скверлерди жана бакчаларды тосуу;
– шаар жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
66. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
– Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
– турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
– уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
67. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
68. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
69. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
70. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
71. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
72. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
73. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
74. Шаар аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
75. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
– иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
– жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
– жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
– жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
– газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
– жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
– багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
76. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
– жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
– тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
– бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
– калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
– жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
– от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
– бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
– дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
– белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
– газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
– гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
77. Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
§7. Тышкы жарыктандыруу
78. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
79. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомунда бекитилген электр энергиясын пайдалануу менен жөнгө салынат.
80. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
81. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
82. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
83. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
84. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
§8. Аймакты жакшыртуу маселелерин талкуулоого жана чечүүгө жергиликтүү калктын катышуусу
85. Жергиликтүү калк талкууланып жаткан маселе боюнча өз ойлорун айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, суроолоруна жооп ала алышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишине, көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли жөнүндө калктын пикирин билүүгө, зарыл болгон учурда калктын пикирин эске алуу менен өз иш-аракеттин оңдоого укуктуу.
86. Талас шаарынын мэриясы бул максатка жетүү үчүн жер-жерлерде жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүү болгон байланыш каналдары: мессенджерлер (Whatsapp, Telegram), чогулуштар жана коомдук угуулар аркылуу, жакшыртууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн шарттарды түзөт. Бул иш-чаралар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин наркына, кызмат көрсөтүү келишимдеринин долбоорлоруна, кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерине жана жол-жоболоруна жана башкаларга тиешелүү болушу мүмкүн.
87. Коомдук талкуулардын жыйынтыктары жана көрүлгөн/аткарылган чаралар жөнүндө жергиликтүү калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук жайлардагы маалымат тактайчаларында, жеткиликтүү социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) жана ЖӨБ органынын веб-сайттарында маалыматтарды жарыялашат.
§9. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
88. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
89. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 114- беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
90. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
91. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
92. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
93. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.