Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна) |
Мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун ушул тартиби Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (мындан ары - ЖОЖдор) республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) республика үчүн артыкчылыктуу даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик тапшырыкка киргизилген ЖОЖдо даярдоо (адистиктин) багыты боюнча жеке жактын (мындан ары - грант алуучу) окуусуна акы төлөөгө берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары.
3. ЖОЖдордун чыгымдар сметасын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен формалар боюнча аныкталат.
4. Гранттын өлчөмүнүн жана грант алуучулардын өлчөмүнүн негизинде ЖОЖдордун жалпы чыгымдарын аныктоо ведомстволук ЖОЖдору бар тармактык министрликтердин жана ведомстволордун (мындан ары - тармактык министрликтер) функциясы болуп саналат.
2-глава. ЖОЖдорду бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
5. Тармактык министрликтер ЖОЖдорду бюджеттик каржылоонун көлөмүн келерки жылга бюджеттик чыгымдар боюнча грант алуучулардын саны жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча гранттын өлчөмдөрү боюнча аныктайт.
6. Билим алуучуларды кабыл алууну жана бүтүрүүнү эске алуу менен пландалып жаткан жылдын 1-январына карата адистиктердин багыттары боюнча бөлүштүрүү менен грант алуучулардын саны эсепке алынат.
7. ЖОЖдорду келерки финансылык жылга бюджеттик каржылоонун көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
Бj - i-ЖОЖду бюджеттик каржылоонун көлөмү;
БГ - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли;
ПКj - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен j-адистик боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүүчү коэффициент;
ЧГj - келерки жылы окуусун аяктап жаткан грант алуучуларды кошпогондо, пландалып жаткан жылдын башталышына карата j-адистиктеги грант ээлеринин саны;
ЧГЗj - келерки жылы окуусун аяктап жаткан j-адистиктеги грант ээлеринин саны;
ЧГПj - келерки жылдын 1-сентябрынан тартып биринчи жолу окууга кирише турган j-адистиктеги грант алуучуларынын болжолдуу саны;
КРЕГ - калкынын саны аз болгон, алыскы региондордо жайгашкан, облуста жалгыз статуска ээ жана эмгек рыногунун муктаждыктарын жана ошол региондогу калктын суроо-талабын эске алуу менен даярдоонун артыкчылыктуу багыттары (адистиктер) боюнча кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу ЖОЖдор үчүн 1,2 жогорулатуучу коэффициенти (Баткен мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети);
КСОФ - мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн ЖОЖдор үчүн 1,4 жогорулатуучу коэффициенти (Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети);
НСБИЙ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иш стажы үчүн үстөк акы;
КБИЙ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн ЖОЖдордун персоналынын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти;
СТИПi - келерки жылга i-ЖОЖдун стипендиялык фонду;
Пi - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдар;
РЦХi - максаттуу мүнөзгө ээ болгон i-ЖОЖго бөлүнгөн республикалык бюджеттин чыгымдары (кымбат баалуу жабдууларды сатып алуу, капиталдык оңдоо жана курулуш, башка типтүү эмес чыгымдар);
n - республика үчүн артыкчылыктуу болгон багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик тапшырыкка киргизилген адистиктердин саны.
8. Тармактык министрликтер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - МФ) ЖОЖдорду каржылоого чыгымдарын экономикалык классификациянын беренелери боюнча даярдоо (адистиктер) багыттары боюнча грант алуучулардын саны жана гранттын өлчөмдөрүн берет.
3-глава. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча ЖОЖдордун чыгымдар сметасын бекитүү жана тактоо
9. ЖОЖдор бюджеттик чыгымдар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан экономикалык классификациянын беренелери боюнча чыгымдардын сметасын түзөт.
10. ЖОЖдор келерки жылга контролдук көрсөткүчтөрдү бөлүштүрүүдө даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча грант алуучулардын саны жана гранттын өлчөмү боюнча аныкталган жалпы чыгымдардын 75%ынан кем эмесин эмгек акы төлөө фондуна жумшайт.
11. ЖОЖдордун бекитилген чыгымдар сметасынын көлөмү көбөйгөн же азайган учурда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдардын сметасын тактоо экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча тармактык министрликтер тарабынан ФМ менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
12. Чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
- бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына же колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын өзгөрүшүнө байланыштуу;
- республикалык бюджеттен кошумча ассигнованиелерди бөлүп берүүгө байланыштуу.
4-глава. Өзгөчө статуска ээ ЖОЖдорду каржылоонун өзгөчөлүктөрү
13. Өзгөчө статуска ээ ЖОЖдордун жетекчилери келерки жылга мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча адистерди даярдоо боюнча өз ара милдеттенмелер жана грант алуучулардын саны боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан аларды каржылоо шарттары жөнүндө тармактык министрликтер менен келишим түзүшөт.
14. МФ бекитилген чыгымдар сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарын кварталдык негизде бирдей үлүштөр менен тармактык министрликтерге өзгөчө статуска ээ ЖОЖду каржылоо үчүн "Борборлоштурулган иш-чараларга" которот.
15.Тармактык министрликтер өзгөчө статуска ээ ЖОЖ менен министрликтин ортосунда түзүлгөн өз ара милдеттенмелердин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарын гранттын эсебинен окуган студенттерге чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча бекитилген чыгымдар сметасынын негизинде коммерциялык банктардагы банктык эсептерге которот.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттар өзгөчө статуска ээ ЖОЖдор үчүн рекомендациялык мүнөзгө ээ. Өзгөчө статуска ээ ЖОЖдордун жетекчилери өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык ырааттаманы өз алдынча түзөт.
5-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
17. Оперативдүү жана бухгалтердик эсеп "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
18. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча ЖОЖдордун эсепке алуусу жана отчеттуулугу белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
19. ЖОЖдордун республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет төмөнкүдөй түзүлөт:
- отчеттук мезгилде республикалык бюджеттен каржылоонун бекитилген планы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүү менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилде республикалык бюджеттен каржылоонун такталган планы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүү менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилде республикалык бюджеттен каржылоонун суммасы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүү менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынан кассалык чыгымдардын суммасы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүү менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүү менен чагылдырылат.
20. ЖОЖдор отчетторду түзөт жана аны тармактык министрликтерге белгиленген мөөнөттөрдө берет.
21. Тармактык министрликтер ЖОЖдордун отчетторунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары боюнча жыйынды отчеттук маалыматтарды түзөт.
22. Тармактык министрликтер ЖОЖдор боюнча отчетторду МФ белгилеген форма боюнча жана мөөнөттөрдө МФ берет.