Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №7

 

“Мурас Синтез ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/9 чыгыш сандуу “Мурас Синтез” ЖЧКсынын кыргыз геология мамлекеттик ишканасы менен биргеликте тиешелүү участкаларында пайдалуу жер казынасын иштетүү үчүн 12.04.2024-жылы чыгарылган 7503АЕ сандуу лицензиясынын негизинде иш жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу тиешелүү участкаларында пайдалуу жер казынасын иштетүү үчүн “Мурас Синтез” ЖЧКсы менен мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

2.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

 

4.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

.

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев