Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2023-жылдын 6-февралы № 29/4

 

Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык жайыт жерлеринен алынуучу акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

 

(Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 31/4 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобо жана “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын Жайыт боюнча башкы адиси Калдеев Нурбек Мукашовичтин 2023-жылдын 1-февралындагы жазган кайрылуусунун негизинде, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Женил конструкциядагы курулуш куруу үчүн имарат башына бир жылга 5000 (беш миң) сом.

1.1 Женил конструкциядагы курулуш курууга бериле турган 1га жерге бир айга 10 000 мин сом (Чарбалык субьектилер учун) өлчөмү ндө бекитилсин.

(Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 31/4 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Эс алуучу жай уюштурууга 10 000 (он миң) сом.

3. Акы алып кызмат көрсөтүү боюнча жер арендасы бир сезондук мезгилге имарат башына (боз уй, Павильен жб) 5000 (беш миң) сом.

4. Жан-Булак аймагынын жайыт жерлерин чакан жана орто бизнес өнүктүрүүгө бериле турган 1 сотых жерге 600 (алты жүз) сом, 1га жерге 60 000 (атымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык эки тараптуу келишим түзүү жагы жана турузимди өнүктүрүү боюнча иш алып баруу “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча башкы адиси Калдеев Нурбек Мукашовичге милдеттендирилсин.

6. Баардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.

7. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айылдык кенешинин жер турак жай жана айыл чарба (токой чрба, суу чарба, жашылдандыруу ,көрктөндүрүү ,муниципалдык менчик ) маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Э.Мамбеткулов