Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2023-жылдын 6-февралы № 29/5

 

Жан-Булак айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү 2022-жылдын 22-декабрындагы № 27 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Кызыл-Зоо-Достук» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын угуп Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX- кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жан-Булак айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү 2022-жылдын 22-декабрындагы № 27 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. «Кызыл-Зоо-Достук» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын

3. Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Боскунчиев

1)              «Кызыл-Зоо-Достук» суупайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн.

2)              «Кызыл-Зоо-Достук» суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.

З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Э.Мамбеткулов