Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 127

М.Нурбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн проектисине акча каражат бөлүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  М.Нурбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн проекти долбоорун даярдоого жергиликтүү бюджеттен курулуш имараттарды куруу үчүн проектик долбоорун даярдоого бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

 

2.  Суралсын Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү.

 

3.  Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн  райондук филиалынан жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.Жороева