Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 128

Мырза-Аке айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу , тазалыкты жана тартипти сактоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрында “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" ПЖ-№ 305 Жарлыгына ылайык “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жайгашкан коомдук уюмдарды ыктыярчыларды жана жарандарды тартуу менен айыл аймактын калктуу конуштарынын анын ичинде менчигине карабастан мекеме ишканалар жана короо жайлар талаптагыдай санитардык абалда жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш –чараларды уюштуруу, тиричилик калдыктарын анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экологиялык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү иштерин алынып барылсын.

 

2.Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоону материалдык –техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү иш-чарасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

3.Айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү , жашылдандыруу ,тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Г. Жороева

 

Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

24.02.2023-жылдагы № 128 токтому менен бекитилген

 

№

Аткарылуучу иш чара

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

1

Мырза-Аке айыл аймагына караштуу көчөлөрдү тазалап ар жылдын апрель,май,июнь 3 ай жана сентябрь ,октябрь айларында 2ай ишемби күндөрү ишенбилик өткөрүп туруу

2023-2025ж

Ишкана уюмдар жана

айыл өкмөт

2

Мырза-аке айыл аймагындагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды көрктөдүрүү жана жашылдандыруу боюнча көчөттөрдү отургузуу

2023-2025ж

Тазалык ишканасы

3

Ар бир ишкананын айланасы тазаланып,санитардык абалга жооп бере турган болуу зарыл.

2023-2025ж

Ишкана уюмдар

4

Катуу тиричилик калдыктарын чогултууда ар бир кожолуктар , соц обьектилер коммерциялык ишканалар катуу таштандыларды капка же пакетке чогултуу ,график күнү жолдун боюна алып чыгуу

Күнүгө

Ишкана уюмдар жана

кожолуктар

5

Кожолуктардан жана ишкана мекемелерден чыккан катуу таштандыларды алып ,ташданды төгүлгөн жерге алып барып төгүү жана төгүлгөн таштандынын үстүн топурак менен жаап туруу

Ар убак

Мырза-Аке Тазалык

ишканасы

6

Катуу тиричилик таштандыларды өзүнчө чогултуу инфраструктураны өнүктүрүү ,полигондорду оптималдаштыруу катуу таштандыларды сортточу жана таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды инвестициялык жол менен өздөштүрүү

2023-2025ж

Мырза-аке айыл өкмөтү

график боюнча

7

Мырза-Аке Тазалык ишканасы коммерциялык ишканалар менен жана мекеме уюмдар менен таштанды ташуу үчүн кызмат көрсөтүүгө келишим түзүүдө “булгоочу төлөйт” деген пунктту киргизүү зарыл

2023-2025ж

Мырза-Аке Тазалык

ишканасы

8

Мырза –Аке Тазалык ишканасы ыкчам максаттуу пунктуалдуу иш алып барсын.

2023-2025ж

Мырза-Аке Тазалык

ишканасы