Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2023-жылдын 6-февралы № 29/3

 

Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын таза суу , сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин жана бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны,ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнүн , ошондой эле Жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоору ишке ашыруу” жөнүндө № 713 токтомуна ылайык аймактын жашоо турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн , социалдык экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдк жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ мыйзамынын 18-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын таза суу ,сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери жана бюджети боюнча Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин жана “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жекшенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 2478 085 сомго, чыгашасы 2478 085 сомго бекитилсин.

2.            Жан-Булак айыл аймагындагы жергиликтүү керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү ,ирригациялык системаларын .жайыт инфраструктурасын жакшыртуу ,тазалык кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирип , “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын таза суу ,сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:

1. Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына - 150 сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 18 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 90 сом.

2. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына - 300 сом..

-Кой жана эчки бир башына - 50 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 300 сом

3. Ирригация системаларын колдонуучулар үчүн.

1га суугат суу үчүн – 400с

Огород учун- 50с

4. Ичүүчү суу менен камсыздоо

4.1 Чарбалык обьектилер :

Мектеп-400с (айына)

Бала бакча -300с (айына)

ФАП – 200с(айына)

Баня- 600с (айына)

Мал бордоо- 400(айына)

4.2 Арбир түтүн үйүнөн суу чыгаргандар -200с

Суу түтүгүнөн алгандар-100с

5.Тазалык ар бир түтүн – 100с

3. Достук айылында жайгашкан Жан-Булак айыл аймагына тиешелүү «Олдомор участкасындагы жайыт жерлерине келишимдин негизинде берилген «Нуртелеком» жана «О» уюлдук операторлору» менен аренда акыны көтөрүү боюнча иш алып баруу жагы «Эделвейс» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жекшенбаевге тапшырылсын.

4. «Эделвейс» муниципалдык ишканасыны жаны ачылгандыгыан байланыштуу Нарын финансы башкармалыгынан атайын эсеп счет ачылсын жана бардык акча каражатынын киреше-чыгашаларын жүргузүү казынада ачылган атайын эсеп счет аркылуу ишке ашырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жагы Эделвейс» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жекшенбаевге милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айылдык кенешинин жер турак жай жана айыл чарба (токой чрба ,суу чарба ,жашылдандыруу , көрктөндүрүү ,муниципалдык менчик ) маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Э.Мамбеткулов