АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
2021-жылдын 7-июлу № 3/2
Ак-Моюн айыл аймагында ишкерлик кылган ишкерлердин мундан ары ишкерлик кылуусун кароо жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Элдин кайрылуусунун жана жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде ОсОО “Женназтем” мурдагы иш жүргүзгөн участкасын рекультивация жүргүзүп, ондоп бүтмөйүнчө иши токтотулсун жана Үч-Булак участкасында иш баштоого уруксат берилбесин.
2.Ак-Моюн айылынын жээгинде жайгашкан кошумча огороддор жайыт комитетине өткөрүлүп берилсин жана 2013-жылдан бери сотыйына 10 сомдон, 2021-жылдан кийинкилери сотыйына 50 сомдон жайыт комитетине төлөнсүн.
3.Ак-Сай өрөөнүнүн Арашан участкасында “Арашан” суусу менен ишкерлик кылып жаткан “Калаш” жана “Актиле” фирмаларынын иши токтотулсун.
4.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Алыбаев |