Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши

2021-жылдын 29-сентябры № 4/1

Ак-Моюн айылында турак-жай салуу үчүн жер аянттарын 0,25гадан берүү жөнүндө

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Ак-Моюн айылында турак-жай салуу үчүн жер тилкелери жайгашкан жерине жараша 0,25 га аянтка чейин кесилип берилсин жана кесилип берилген жерлер 0,25га аянтан ашпасын.

 

2.Турак-жай салуу үчүн 0,15 гадан жер тилкесин берүү боюнча Ак-Моюн айылдык кенешинин 2020-жылдын 28-май айындагы №5/2 токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.

 

3.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Т.Макешовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж.Алыбаев