Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши

2021-жылдын 29-сентябры № 4/2

Ак-Моюн айылынын тургуну Молдобаева Чолпон Болотбековнанын арызы жөнүндө

УГУЛДУ:

Аталган маселе боюнча Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн социалдык турак-жай камиссиясынын төрөгасы Р.Алдакеев билдирүү жасады билдирүүдө “Чар” участкасындагы “Токон” сарайга тиешелүү код номер 4-02-11-1005-0115 3357,0 квадрат метр жерди Молдобаева Чолпон Болотбековнага бекитип берүүнү суранган “Токон” сарай шамыр ата дыйканчарабасына үлүшкө тараган үлүш ээси Катаганова Салтанат “Токон” сарайды Ак-Моюн айылынын тургуну Молодобаева Чолпон Болотбековнага белекке берүү келишимдин негизинде берген.

 

Жогорудагы “Токон” сарайга тиешелүү документтерди карап чыгып жер тилкеси сарайдын жер аянтына киргендигине байланыштуу Молдобаева Чолпон Болотбековнанын арызы боюнча “Чар” участкасындагы “Токон” сарайдын түштүк тарабындагы 3357,0 квадрат метр жери мал багуу үчүн, там –сарай салууга жекке менчикке берилсин.

 

ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеӊешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-44-беренесинин жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалынан түзүлгөн 22.07.2021-жылдагы белеке берүү келишиминин негизинде Молдобаева Чолпон Болотбековнага “Чар” участкасындагы “Токон” сарайдын түштүк тарабындагы 3357,0 квадрат метр жери мал багуу үчүн, там –сарай салууга жекке менчикке берилсин

 

2.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж.Алыбаев