КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №10
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча келишим менен штат бирдигин бекитүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/6 чыгыш сандуу катын жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө штат бирдигинен сырткары келишимдин негизинде 23 (жыйырма үч) штат бирдиги бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “№ 266 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык келишимдин негизинде алынган кызматкерлерге 5000 (беш миң) сомдон үстөк акы жергиликтүү бюджеттен кошумча берилсин. Эмгек акысын төлөөдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге жана ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |