АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
2021-жылдын 29-сентябры № 4/3
Ак-Моюн айылында ат оюндарын өткөрүү үчүн ипадром куруу жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Саз-Булак участкасынын оозундагы чабынды жер аянты айыл өкмөтүнүн келишими менен ипадром курууга убактылуу берилсин.
2.Ак-Моюн айылындагы жаны уюштурулуп жаткан ипадромго Ак-Моюн айылынын тургуну Асаналиев Турсаалынын наамы берилсин.
3.Ипадромдун ачылышына карата район аралык өткөрүлүп жаткан ат оюндарынын байге фондуна 15 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Амангуловго тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Алыбаев |