Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2023-жылдын 6-февралы № 29/2

 

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагындагы айылдык китепканага ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Жан-Булак айыл аймагындагы Жолболду Ишеналиев атындагы айылдык клубунун ичинде жайгашкан айылдык китепканага көп жыл талыкпай эмгектенип “Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн” Конурбаева Жумагүлдүн ысымын айылдык китепканага ысымын ыйгаруу боюнча Жан-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 3-февралындагы № 3 протоколунун негизинде талкуу жүргүзүлүп , Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXIX кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Жан-Булак айылдык кенешинин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен Жан-Булак айыл аймагындагы айылдык китепканага маркум Конурбаева Жумагүлдүн ысымы ыйгарылсын жана “Конурбаева Жумагул” атындагы айылдык китепкана деп аталсын.

2.            Айылдык китепкананын аталышынын жазылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү , муктаждыктарын чечип берүү ,китеп менен камсыз кылып туруу жагы ысым ыйгарылган атуулдун жакын туугандарына , үй бүлөөсүнө милдеттендирилсин.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жан-Булак айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Мамбеткулов