Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №11
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу К.Акназаров жалпы билим берүүчү орто мектебине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/12 чыгыш сандуу катын жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине жаңы алынган 7 (жети) даана проекторду орнотууга кранштейн алууга “Чанач” ЖЧКсынын 2023-жыл үчүн соц пакетке түшкөн акча каражатынан 100 000 (жүз миң) сом, калган 31 600 (отуз бир миң алты жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |