КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №14
“Андашова Гүлнуранын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 19.04.2024-жылдагы №01-19/18 чыгыш сандуу катын жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №1 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Андашова Гүлнурага айыл өкмөттүн басансында турган муниципалдык мекеменин бир бөлмөсү сулуулук салон ачып иштетүүгө берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын калсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |