Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №16

 

“Жарандарга жардам берүүнүн багыты жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №1 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан үй салып берүү, бүтпөй калган үйлөрдү бүтүрүп берүү жана олимпиадалык, улуттук оюндардан башка спорттун түрү боюнча келген кайрылууларга 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралбагандыктан сессияга сунушталбастан кайтарылсын.

2.    Ден соолугуна байланыштуу жана ар тараптуу жардам сурап келген жарандардын кайрылууларына Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты бир жылда, бир жолу берилсин.

3.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондунан жардам алган жарандын кайрылуусу сессияга сунушталбасын.

4.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

5.    Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев