Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХV сессиясы

2023-жылдын 29-декабры № 94

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2024-жылга карата иш пландарын бекитүү

 Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча»,

«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезектеги ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  Каргалык «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.

2.  Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына айылдык кеңештин Регламентиндеги 1-бөлүмдүн 7-12 ге чейинки главаларында көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.  Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына иш планында коюлган маселелерди отурумга, сессияга алып чыгууда Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мектептин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилери менен биргеликте даярдап алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.

4.  Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Р.Мамбеталиевага тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.И.Токтоболотов.