Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 7-декабры № 94
Тосой айылын айыл статусунан алуу сунушун кароо жөнүндө
1994-жылкы Тосой айылындагы адам өмүрүн алган жер көчкүдө Тосой айылы кооптуу аймака кирип, айыл тургундары башка аймактарга көчүп чыгышкан. Бирок айыл статусу бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Тосой айылынын статусун алып салуу жөнүндө маселесин угуп, талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги он тогузунчу сесссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тосой айылында 1994-жылы болгон адам өмүрүн алган жер көчкүдө Тосой айылы кооптуу аймака кирип, айыл тургундары башка аймактарга көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу Тосой айылынын айыл статусу алып салынсын.
2. Айыл өкмөтүнө жогорку мамлекеттик органдар менен ушул маселеде макулдашылган тартипте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Келдибаев |