Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2023-жылдын 29-декабры №1
Арстанбап айыл аймагындагы Ак-Терек жана Гава айылдарын каттоодон чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №01-13/591 сандуу катынын негизинде, Арстанбап айыл аймагынын каттоосунда 41703207826020 коду менен катталган Ак-Терек айылы жана 41703207826040 коду менен катталган Гава айылдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №931-1-15 токтомунун негизинде,Талды-Булак айыл өкмөтү болуп уюшулганда, Ак-Терек айылы Ак-Терек болуп,Гава айылы Каба айылы болуп Талды- Булак айыл өкмөтүнүн курамына киргизилген жана бүгүнкү күндө Талды-Булак айыл аймагынын каттоосунда бар экендигин эске алып, Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Арстанбап айыл аймагынын каттоосунда деп 41703207826020 коду менен жазылып калган Ак-Терек айылы жана 41703207826040 коду менен жазылып калган Гава айылдары жок экендиги эске алынып, мамлекеттик каттоодон, бардык отчёттуулуктан чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү жактарга сунуш берүү Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко тапшырылсын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы
|
Ж. Абдухалилов |