Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХV сессиясы

2023-жылдын 29-декабры № 95

Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү

Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Акматова Жаңылбүбү Токтосуновнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезектеги ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Каргалык Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин 2024-жылга түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык Кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөргө ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Айылдык кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Р.Мамбеталиевага тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.И.Токтоболотов.