Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-августундагы № 120
“Ай жылдыз” дүкөнүнүн ээси Б.Кожомбердиеванын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы “Ай жылдыз” дүкөнүнүн ээси Б.Кожомбердиеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Б.Кожомбердиевага тиешелүү Сасык-Булак айылындагы эски “Ай жылдыз” дүкөнүнүн жанына жаңы дүкөн куруу үчүн уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаевага милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |