Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-декабры № 5

 

 

Арстанбап айыл өкмөтүнүн карамагындагы боз үйлөрдү ижарага берүү жөнүндө

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  15-беренесинин, муниципалдык менчик объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүүнү тартиби жөнүндө типтүү жобо 8-глава 71,72,73,75,76-бөлүмдөрүнө таянып Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын сунушун талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

1. Арстанбап айыл өкмөтүнун карамагындагы 1 (бир) жыгачтан жасалган боз үй Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айылынын тургуну Салахиддин уулу Илёсиддинга 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.

2. Арстанбап айылындагы калктуу конуштагы Салахиддин уулу Илёсиддин пайдаланып жаткан жер аянты этно туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жер экендиги, жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү, ден соолугунун мүмкунчулугу чектелгендерге колоо көрсөтүү сунушу эске алынып бир жылдык ижара акысы 10 (он миң) сом кылып бекитилсин.

3. Туристтик сезондун туруктуулугуна карата ижара акысы айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына негиз өзгөртүлүшү мүмкүндүгү ижарачыга эскертилсин.

4. Айылдык Кеңешинин токтомуна таянып беш иш күндүн ичинде эки тараптуу келишим түзүү Арстанбап айыл өкмөтүнун башчысы И. Чолпоновго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Арстанбап айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

 

Ж. Абдухалилов