Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХV сессиясы

2023-жылдын 29-декабры № 96

Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 01-7/984 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (А.Абдраимов мектебинин ашканасы тууралуу)

Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезектеги ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Каргалык “САSА-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине ашкана курууга 9441360 сомдук долбоор каралгандыгы жана сметалык наркы 11092640 сомду түзгөндүгү белгиленсин.

2.  Сметада жетпей калган 1651280 сом айырма суммасы 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизилсин.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.И.Токтоболотов.